Шашылыш кабар:

Карылар үйү: Мени алдап санаторий деп алып келишкен…

Карылар үйү: Мени алдап санаторий деп алып келишкен…
Коом
0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 23-апрелинде май айынын ар үчүнчү жекшемби күнү энелердин майрамын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон. Андан бери бул күндү утурлай энелерге майрам тартууланып келет. Бул сапар “Марал” радиосу майрам эмес, жылуу сөз, үй-бүлө атмосферасын сагынган энелерден кабар алды. Көптөн бери көксөп жүргөн тилегин ишке ашырууга көмөктөш болуп карылар үйүндөгү аталарды, апаларды Ата-Бейит мемориалдык комплексине алып барып келди.


Өзүн Лариса деп тааныштырган апаны бир тууган эжелери эс алуучу жай деп карылар үйүнө алып келип коюшкан. Айла жок ошол бойдон калып калган. Өмүрүндө турмуш курбай ата-энесин кароого арнаган Лариса айым эми мынтип эч кимге кереги жок, карылар үйүндө баш калкалап келет.

Мени алдап алып келишкен экен. Бул жак эс алуучу жай, жакшы жер деп айтышкан. Көрсө карылар үйү экен. Атам менен апамдын көзү өткөндөн кийин эч кимге керегим жок болуп калды. Азыр эми анда-санда келип турушат. Бирок аларга мен таарынганмын. Өмүрүмдө ата-энемди карап, турмуш курган жокмун. Балким өзүмдүн үй-жайым, үй-бүлөм болгондо бул жерде болбосом керек эле деп аттиң кылам.

Мында жашаган ата-энелер менен баарлаша келсең көпчүлүгүнүн балдары бар. Арасында балдарына, келинине таарынып келе бергендер да кездешет. Айрымдарынын балдары турмуш шартка байланыштуу чет өлкөгө кетип, жалгыз таштап кеткен. Ошентсе да балдарынын амандыгын тилеп отурган ата-апаларды көрөсүң. Маселен, Гүлбара апанын бул жерге келгенине 6 айдан ашты. Жалгыздыктан тажап, бул жакка келген. Жолдошу каза болгондон кийин оор психологиялык сокку жеп, жалгыз кыйналган. Жалгыз кызы чет өлкөдө.

Жолдошум каза болгондон кийин кыйналдым. Жалгыз калдым. Сүйлөшөйүн десең киши жок. Көп жыл чогуу жашайбыз деп кыялдангам. Бирок тагдыр экен. Өлүмү айттырбай келди. Мен үчүн күтүүсүз болду. Аябай жалгыз болдум. Кызым, неберелерим чет өлкөдө. Келип кабар алып турат. Бул жакты карылар үйү дегим келбейт. Жашап калгандан бери бул жерде бир курактагы кишилердин эс алган жери десем да болот.

Нарикан Азаналиева болсо ооруп жүрүп, балалуу болгон эмес. Азыр болсо абалы жакшы. Карылар үйүндө жүрүп ал жакта турмуш курган. Балам болсо балким бул жерде болбойт белем деп аттиң кылат.

-Ата-энем жок. Турмуш курдум. Бирок ал да бул дүйнөдөн эрте кош айтып кете берди. Катуу ооруп калдым. Эжем багам деп алып кетти. Бирок такыр сакая албадым. Анан бул жакка келе бердим. Азыр жакшы.

Учурда Бишкек шаарындагы 1-май районуна караштуу карылар үйүндө 200дөй улгайган ата-энелер жашап келет. Мекеменин директору Эркингүл Курманалиева бул жерде 7 жылдан бери иштеп келет. 7 жылдын аралыгында ар кандай тагдырларга күбө болгон Эркингүл айым мыйзамга ылайык, дени сак балдар ата-энесине алимент төлөөгө милдеттүү болгонуна карабай, тескерисинче пенсия алган учурда туугандар пайда боло калат дейт.

-Бул жакка ар кандай тагдырлар менен карылар келет. Бирөө билбей келип калса, бирөө үйдөгү мамиледен тажап, жалгыз болуп келе берет. Негизи үй-бүлө кодексине ылайык, улгайган ата-эненин баласы соо болсо, ага алимент төлөп бериш керек. Бирок бизде бул иштебей жатат. Анткени анын иштеши үчүн ата-эненин доосу болуш керек. Ата-энелер балдары таштап кеткенине карабай аларды ойлошот. Ооба, арызданышат, ыйлашат. Бирок кайра эле эне жүрөгү балам дей берет экен. Жада калса, пенсиясын беришет. Белек-бечкек берсең, неберем келгенде берем деп катып коюшат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси энелер күнү катары белгиленип келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache