Шашылыш кабар:

Аймактагы жаштарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго сынак жарыяланды

Аймактагы жаштарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго сынак жарыяланды
Коом
0

Аймактагы жаштарды өнүктүрүүгө багытталган  стратегия бекилди.  Ал  2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү программасынын алкагында  жасалып  жатат. Анда негизги эки багыт боюнча жаштарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор кабыл алынууда.  

Өкмөттүн жаштарды өнүктүрүү боюнча программасы  2017-2020-жылдарга иштелип чыккан.  Анын алкагында жалпы Кыргызстан боюнча биринчи жолу изилдөө жасалды.  Жыйынтыгында программада келечек муунга колдоо көрсөтүп, бирдиктүү иш алып баруу боюнча концепсия  киргизилди.

План боюнча быйыл аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, жер-жерлердеги жаштар уюмдарына  сынак  жарыяланды.  Жаштарды өнүктүрүүгө багытталган мыкты делген долбоорго мамлекеттик бюджеттен 100 миң сомго чейинки каражат бөлөт.  Бул тууралуу  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов журналисттерге кабарлады.

Сынакка катышуу үчүн жаштар уюмдары долбоор жазышы керек. Долбоорлор  жаштардын маданиятын көтөрүү жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталышы керек. Эгер мыкты деп табылса, бир долбоорго  100 миң сомго чейинки каражат каралат. Быйыл бюджетибиз аз болгондуктан мамлекеттик казынадан 2 млн сом каралды. Бирок андан тышкары Эл аралык уюмдар тараптан дагы кошумча каражаттар сөзсүз болот.

Статистика комитетинин быйылкы жылга карата алынган маалыматын карасак,  6 миллион калктын 1 миллион 600 миңин жаштар түзөт. Же пайыз менен алганда 26 пайызга туура келет. Бул көрсөткүчтү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырып карасак, жаштар үч пайызга азайган.

Жаштардын шаары делген Жалал-Абад облусунда бүгүнкү күнү миграция агымы жогору. Алды Орусияны көздөй багыт алса, арты борборго агылган. Мунун себебин Жалал-Абад шаардык жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Кубанычбеков жаштардын жакшы жашоо иштеп кеткенинен көрөт.

Жалал-Абад шаарындагы тургундар сөзсүз түрдө Ош же Бишкек шаарына кетип жатышат. Борбордогулар болсо, андан ары чет жака кетүүдө. Бүгүнкү күнү миграция жаштар арасында курч бойдон турат. Жакшы жашоону эңсеп чыгып жатышат. Анткени борборлордо айылдарга караганда мүмкүнчүлүк жогору. Жумуш табуу жеңил.

Бул маселени жаштарга жеткиликтүү кылуу үчүн  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги  бир айда маалыматтык программасын баштоо алдында турат. Анда четке чыккан жардардын өз укуктарын жана милдеттери тууралуу маалымат берилээрин Мирлан Парханов айтып берди.

Чындыгында миграция маселеси чоң болуп жатат. Биздин агенттиктин жумушу жаштар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Буюрса бир айдын ичинде биз чоң маалыматтык программабызды баштап жатабыз. Биздин жаштар чет мамлекетке кеткенде негизги кайсы жагдайларды эске алышы керек. Бул боюнча кенен маалыматтар берилет. Сыртта өз укуктарын коргоо жана өзүн алып жүрүүгө басым жасалат.

Жумушка жарамдуу делген жарандардын агымын токтотуу үчүн биринчи кезекте жумушсуздукду азайтуу керек. Ошондой эле үй салууга өкмөт тараптан жардам. Бул боюнча «Лидер» жаштар клубунун мүчөсү Айбек Теңизбаев буларга токтолду.

Аймактардагы жаштарда эң чоң үч негизги көйгөй бар. Ошол көйгөйлөр чечилсе, жаштар өз ордун табышмак. Биринчи албетте бул жумушсуздук. Айыл жергесинде жаштарга жумуш жок. Аларга жумуш ордун түзүп берүүнү ойлош керек. Экинчиден айыл жергесиндеги жаштарда үй маселеси. Бир үйдө 5-6 баланын бири гана үйдө калса, калганы үйсүз калып жатат. Үчүнчү фундаменталдуу бул билимдин сапаты. Буга өзгөчө көңүл буруу турат.

Аталган агенттик 2020-жылга чейин жаштардагы көйгөйлөр толук изилденип, төрт жылдык программада толук эске алынганын айтууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache