Шашылыш кабар:

Масалиев экс-президенттин макамын алуу сунушун кайрадан көтөрдү

Май 17th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Масалиев экс-президенттин макамын алуу сунушун кайрадан көтөрдү
Кыска кабар
0

Кыргызстандын экс-президенти деген макамы барларга кол тийбестикти кепилдеген мыйзамды өзгөртүү керек. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев бүгүн, 17-майда парламентте ЖЭБдеги кырдаал талкууланып жатканда билдирди.

Анын айтымында, президент премьер-министрдин башын аттап түзмө-түз министрге буйрук бергени мыйзамга туура келбейт. Бул Конституцияны бузуу болуп саналат. Мыйзамды өзгөртүү керек. Иштеп жаткан президентти импичмент аркылуу жоопко тартса болот. Депутатты да мандатынан ажыратса болот. Экс-президентти эч ким эч качан эч нерсеге тарта албайт экен. Кыргызстанда бир гана адам эч нерсеге жооп бербейт деген Конституцияга да туура келбейт. Анын биринчи беренесинде “мыйзам алдында баары тең” деп жазылган.

Эске салсак, 10-майда парламенттеги жалпы жыйында Масалиев ЖЭБди модернизациялоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып, андан кол тийбестик макамын алууну сунуш кылган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache