Шашылыш кабар:

Пашинян: Ереван мэри паранын жардамы менен шайланган

Пашинян: Ереван мэри паранын жардамы менен шайланган
Дүйнө кабарлары
0

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян журналисттер менен болгон жолугушууда Ераван шаарынын мэри Тарон Маргарян паранын жардамы менен шайланганын билдирди.

«Мен Еравандын мэри тууралуу пикиримди айткам. Тарон Маргарян паранын жардамы менен шайланганында эч кандай шек жок», — дейт Пашинян.

Айтсак, шаршемби күнү кала башчынын кызматтан кетүүсүн каалаган митингчилер мэриянын имаратына кирип, Тарон Маргарян менен жолугушууну талап кылышкан.

Митингге чыккандар мэрдин натыйжасыз иштерин жана жарандарга жоопкерчиликсиз мамиле кылганын айтып, күнөөлөшкөн. Атап айтканда, алар бак-дарактардын ​​кыйылып жатканы жана уюштуруу иштери боюнча нааразылыктарын билдиришкен.

Кийинчерээк, шаардык мэриянын жанына Маргаряндын бир нече тарапкерлери чогулган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache