Шашылыш кабар:

Алтыбаева: ЖЭБ боюнча Кытай менен соттошсок эгемендикти жоготуу коркунучу бар

Май 17th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Алтыбаева: ЖЭБ боюнча Кытай менен соттошсок эгемендикти жоготуу коркунучу бар
Кыска кабар
0

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырдаал боюнча Кытай менен соттошсок, Кыргызстан эгемендигинен айрылып калышы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда парламенттин жалпы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Анын айтымында, ишти Гонконг сотунан каратуу келишими Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы жазылган. Эл аралык аудит жүргүзүп, бул 30% модернизациянын чыныгы баасын билүү керек. Бирок соттук териштирүү жүрсө анын соңунда суверенитетти жоготуп алуу коркунучу бар. Себеби, Кытай тарап менен түзүлгөн келишимде «ортодо маселе жаралса Гонконг сотунда гана каралышы керек» деген норма жазылып калган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион долларды иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache