Шашылыш кабар:

Жээнбеков сот реформасы боюнча: Эрк бар, каражат таап беребиз

Жээнбеков сот реформасы боюнча: Эрк бар, каражат таап беребиз
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков Сот реформасы боюнча кеӊештин биринчи жыйынында өлкөдө сот реформасын аягына чыгаруу үчүн бийликте саясий эрк бар экенин билдирди.

Жыйында сот системасын реформалоо боюнча мамлекеттик максаттуу программанын долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси Гүлжан Эсеналиева сот реформасы үчүн саясий эрк жана каражат керек экенин айтты.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Гүлжан Эсеналиевага жооп катары «Эрк бар. Каражат таап беребиз. Анан көрөбүз реформаны кандай ишке ашырганыӊарды», — деди.

Соттук реформа талкууланган жыйынды президент аны ишкер ашыруу боюнча 8 негизги багытты атады. Анда сот бийлигин каржылоо, кадрдык маселелер менен сот өкүмдөрүн ачык жарыялоо маселелери бар.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache