Шашылыш кабар:

Токбаева: Сот отурумдары аудио-видеого тартыла баштайт

Токбаева: Сот отурумдары аудио-видеого тартыла баштайт
Кыска кабар
0

Ушул жылдан тарта сот отурумдары аудио жана видео тасмага тартыла баштайт. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева президенттин алдындагы соттук реформа боюнча жыйында жасаган баяндамасында айтты.

«Быйылкы жылдын 4-кварталынан баштап сот процесстерине аудио жана видео жазуу киргизүү каралып жатат. Аудио-видео жазууну киргизүү менен судьялык этиканын так сакталышы жана сотко катышкан жактардын мыйзамды сактоосу көзөмөлдө болуп турат», — деди Токбаева.

Бүгүн «Ала-Арча» резиденциясында өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен президенттин алдындагы соттук реформа боюнча жыйын болду.

Жээнбеков анда баяндама жасап, судьялар кабыл алган чечимдер менен өкүмдөр Жогорку соттун сайтына тандалып салынып жатканын айтты. Соттук жараяндарды аудио-видеого тартуу, соттук жыйналыштын электрондук протоколдорун киргизүү керектигин талап кылды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache