Шашылыш кабар:

2,4 миллион баланын өмүрүн сактап калган донор акыркы жолу кан тапшырды

2,4 миллион баланын өмүрүн сактап калган донор акыркы жолу кан тапшырды
Дүйнө кабарлары
0

2 миллион 400 миң баланын өмүрүн сактап калуу үчүн кан берген австралиялик Жеймс Харрисон акыркы жолу кан тапшырды. 81 жаштагы донор 60 жыл аралыгында 1173 жолу кан берген. Мындан улам аны «алтын колдуу адам» деп да атап коюшат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмылыр жазды.

Маалыматка ылайык, Харрисон жаш кезинде оор операция болот. Аны аман сактап калуу үчүн ага 13 литр кан куюшкан. Бул окуядан соң Харрисон донор болуп, кан берүү чечимине келген. Ал 1960-жылдардан бери ай сайын 500-800 мл кан тапшырып келет. Харрисон бул иши үчүн 1999-жылы Австралия ордени менен сыйланган. Мындан сырткары, Гиннес китебинде дүйнөдөгү эң активдүү донор болуп эсептелет.

«Акыркы жолу кан тапшырып жатканым мен үчүн кайгылуу күн. Эгер дарыгерлер уруксат берсе мен кан тапшырууну улантам», — дейт Харрисон.

Бирок Австралиянын мыйзамдарына ылайык, жарандар 81 жаштан өткөн соң кан тапшыра албайт.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache