Шашылыш кабар:

Президент сот реформасын ишке ашыруунун 8 багытын атады

Президент сот реформасын ишке ашыруунун 8 багытын атады
Кыска кабар
0

Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан президенттин алдындагы соттук реформа боюнча кеӊештин жыйынында соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча маанилүү деп эсептеген 8 маселени белгиледи.

1-Бардык күч аракетти жумшап, кабыл алынган кодекстер менен мыйзамдарды колдонууга киргизүү-эӊ негизги милдет. Акыркы мезгилде кодекстерди колдонууга киргизүү кандай жүрүп жатканын карап чыктым. Процесс жай журүп, кодекстерди колдонууга киргизүү даярдыгы начар. Өзгөчө белгилей кетчү жагдай-кылмыштардын, жосундардын, укук бузуулардын бирдиктүү реестри түзүлүп, адистер аны колдонгонду үйрөнүш керек. Башкы прокуратура бул ишти тездетип, бирдиктүү реестрди, 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизүүсү зарыл.

2-Сот органдарын санарипке өткөрүү узактан бери чечилбей келе жатат. Судьялар кабыл алган жана коомчулукка таанышуу үчүн соттордун сайтына чыгарылуучу чечимдер жана өкүмдөрдүн баары эмес, тандалып гана санарипке өтүлүп жатат. Ал эми бардык чечимдерди жана өкүмдөрдү санаприпке өткөрүү маселеси болсо азыркыга чейин ишке аша элек. Соттук процесстер аудио-видео тартуу, соттук жыйналыштын электрондук протоколун киргизүү керек.

3-Мыйзамдарды өркүндөтүү жаатындагы өкмөттүн иши жай журүп, тынчсызданууга себеп болууда. Себеби кабыл алынган кодекстерден келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуунун ордуна, жаӊы кабыл алынган кодекстерге алардын концепциясын бузган оӊдоолорду киргизүү сунушталууда.

4-Судьялык кадрлар жөнүндө. Сот органдарында судьялык кадр алмашуулар болду. Жүрүш-турушу кынтыксыз эмес деген судьялардын көп бөлүгү кетти. Бирок жаӊы тандоо жүргөндөн кийин деле судьяларга карата жарандардын даттануулары азайган жок.

5-Бюджет жөнүндө. Бардык реформа бекер болбойт, өзгөчө жазык жаатындагы реформада чыгымдар көп болот. Бюджеттен каражат бөлбөй туруп, бул реформаны жүргүзө албайбыз.

6-Райондор аралык соттордун функцияларын жергиликтүү сотторго өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу зарыл. Сот адилеттигине жетиш үчүн адамдарга абдан ыӊгайлуу шарттарды түзүү керек. Өзүнүн укугун коргош үчүн жарандарыбыз талашты чечкен сот органы алыс жайгашкандыгына байланыштуу кошумча чыгымга учурабашы керек.

7-Мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазык ишин кыскартып, кылмышкерди жоопкерчиликтен куткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу ойлоно турган маселе. Азыркы мыйзамдарга ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткенде, кылмыш жасаган адамдын күнөөсүн аныктабастан эле соттор жазык ишин токтотот.

8-Сот-укуктук реформасын ишке ашыруу боюнча координациянын жоктугу. Тилекке каршы, өкмөттүн координация кылуу иштери сапаттуу болбой келди. Процесс системалуу жүрбөй калды. Өкмөттүн бул багыттагы иштерин жаӊы деӊгээлге көтөрүү керек.

5-Реформа жүргүзүүгө бюджеттен каражат бөлүш керек. Биз реформага сырттан каражат келет деп күтпөшүбүз керек. Ошондой эле эл аралык донолор дагы сот реформасын баштоого бир топ жардам беришти.

6-Райондор аралык соттордун ыйгарым-укуктарын карап чыгуу зарыл. Акыйкаттыка жетиш үчүн жарандарга бардык шарттар түзүлүш керек. Райондор аралык соттор, облустарда жайгашкан соттошкон адамдар убара болуп жатат.

7-Мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмышкерди жоопкерчиликтен бошотуу аракеттерине бөгөт коюш керек. Учурдагы жазык кодекске ылайык, кылмыш жоопкерчиликке тартылуу мөөнөтү бүтүп кетсе ал жоопкерчиликтен качып жатат.

8-Сот-укуктук реформаны ишке ашыруууда координация жок. Ошондуктан Башкы прокуратура баш болгон күч органдарды бирдиктүү иш алып барышы керек. Президенттин аппараты реформаны ылдамдык менен аягына чыгарыш керек. Бирок ал бул процесстен четтеп калган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache