Шашылыш кабар:

Эрдоган: Тарых АКШ менен Израилди кечирбейт

Эрдоган: Тарых АКШ менен Израилди кечирбейт
Дүйнө кабарлары
0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Израилдин өкмөт башчысы Бенжамин Нетаньяхуну палестиналыктарга каршы жүргүзгөн расалык бөлүп жаруу, кыянат жана зулумдук саясаты жана кылмыштары үчүн күнөөлөдү. Бул тууралуу kun.uz жазып чыкты.

Маалым болгондой, Эрдоган Twitter’деги баракчасына: «Нетаньяхунун колунда палестиналыктардын каны бар. Ал  Түркияга кол салып кылмыштарын жашыра албайт. Адамгерчиликти үйрөнүүнү каалайсызбы? Он осуятты окуңуз», — деп жазган.

Нетаняху буга жооп катары Эрдоганды Израилге «кабар айтуусу мүмкүн болгондордун» эң акыркысы деп атады. Анын айтымында, Эрдоган Түндүк Кипр окуппациясын колдоого жана Сирияга бастырып кирүүгө миңдеген аскерлерди жөнөтөт. Колунда сан жеткис күрт курмандарынын каны болгон адам эч кимди аскердик тартипке, этикага үйрөтө албайт.

Эрдоган  Улуу Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мэй менен болгон Лондондогу басма сөз жыйынында «Тарых Америка Кошмо Штаттары менен Израилди кечирбейт. Биз анын күбөсү болобуз», деп айткан. Ал, Ислам Кызматташтык Уюмунун Палестинанын аймагындагы кырдаал боюнча чукул саммити бүткүл дүйнө үчүн олуттуу эскертүү болоорун белгилеген.

Түркия лидери эл аралык коомчулукту жана Бириккен Улуттар Уюмун Палестинада болуп жаткан зордук-зомбулуктарга чекит коюш үчүн шашылыш түрдө иш-аракетди көрүүгө чакырган.

Эрдоган буга кошумча, АКШ элчилигинин Ал-Кудуска көчүрүлүшүнө токтолуп, Вашингтон бул кадам менен Араб-Израил маселесинин колдоочусу экенин көрсөткөнүн билдирген.

«Бизге АКШ элчилигин көчүрүү жана Ал-Кудусту Израилдин борборуна айолантуу демилгеси жаккан жок. АКШнын терс саясаты Израилди зордук-зомбулукту дагы да күчөтүүгө шыктандырды. Мындай саясатын кесепетинен 60 палестиналык өлүп,  2 миң 500дөн ашык адам жаракат алды. Алардын көпчүүгү оор абалда», — дейт Эрдоган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache