Шашылыш кабар:

Астана шаары Сингапурдун тажрыйбасында өнүктүрүлөт

Май 17th, 2018 | by Бахар Хакимова
Астана шаары Сингапурдун тажрыйбасында өнүктүрүлөт
Дүйнө кабарлары
0

Астана шаары Сингапурдун тажрыйбасында туристтик шаарга айланат. Бул тууралуу Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев менен сингапурлук компаниянын директорунун жолугушуусунда белгилүү болду.

Акордонун маалымат кызматы кабарлагандай, тараптар туризм тармагы, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Назарбаев Сингапурдун мурдагы өкмөт башчысы Ли Куан Ю менен узак убакыт достук мамиледе болгонун белгилеп, учурдагы премьер министр менен дагы тыгыз байланышта экенин айтты.

Ошондой эле Астана шаарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, Сингапурдун тажрыйбасы изилденип жатканын билдирди.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache