Шашылыш кабар:

Жээнбеков: Сот системасын реформалоо кечеӊдеди

Жээнбеков: Сот системасын реформалоо кечеӊдеди
Кыска кабар
0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 17-майда президенттин алдындагы соттук реформа боюнча кеӊештин жыйынында сүйлөп жатып, коомдогу эӊ негизги реформа бул соттук-укуктук реформа экенин айтып, бул учурда эӊ негизги маселеге айланганын белгиледи.

Акыркы жылдары бул жаатта көп иштер аткарылганын 17 кодекс жана бир нече мыйзам кабыл алынганын кошумчалады. Бирок сот реформасы коомчулук күткөндөн кыйла жай жүрүп, тилекке каршы сот системасын реформалоо кечеӊдеп жатканын билдирди.

«Калкыбыз таза, ачык-айкын жана көз карандысыз соттук системаны орнотууну талап кылууда. Ошондуктан соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жана коррупцияга каршы-Кыргызстанда жасалчу иштердин эӊ артыкчылыктуу багыты. Сот реформасын тездетүү-өлкөбүз учүн абдан маанилүү, ошондуктан бүгүнкү кеӊеш реформаларга жаӊы импульс бериш керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле адилетсиз сотторго эл тарабынан нааразычылыктар көп экенин жана карапайым элдерден келген арыз-даттануулардын 70 пайызы соттордун ишине байланыштуу экенин билдирди. Акыркы жылдары бул жаатта көп иштер жасалганы менен соттук реформа кечеӊдеп жатканын билдирди.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache