Шашылыш кабар:

Муфтият ажылыкты уюштуруудагы эсепти коомго ачык жарыялады

Муфтият ажылыкты уюштуруудагы эсепти коомго ачык жарыялады
Коом
0

Ажылык сапардын алкагында ызы-чуу, нааразычылыктар бүгүнкү күнгө чейин токтобой келет. Буга чейин муфтияттын ишмердүүлүгүндө өзгөчө ажылык сапарды уюштурууда сол чөнтөккө акча уурдагандар бар деп чыккандар да болгон. Буга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылыкты уюштуруудагы эсепти элге ачык жарыялап, маалымат жыйынын берди. Анда айтылгандай ажылык сапарды уюштуруу үчү жалпы 6 конкурс өтү, аны мекемелер аралык түзүлгөн комиссия көзөмөлгө алган.


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылык сапарды уюштуруудагы эсепти коомго ачык жарыялады. Муну алар буга чейин коомчулукта муфтиятка карата айтылган сын пикирлерге жооп катары сыпатташты. Маалыматка ылайык, быйыл ажылык сапарына баруу үчүн 7 миң 26 киши катталган. Бирок 5400 квота бөлүнгөн. Ошого байланыштуу квоталар электрондук кезектин негизинде бөлүнгөн. Мисалы, Баткен облусу боюнча 589, Ош облусунан 1 миң 500, Ош шаарынан 329, Жалал-Абад облусунан 1 миң 292, Чүйдөн 954, Бишкек шаарынан 425, Талас облусунан 93, Нарын дубанынан 44, Ысык-Көл жергесинен 87 киши ажыга барат. Бул туурасында ажылык сапарды уюштуруу боюнча штабтын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев билдирди.

Эң биринчи биздин тапшырма 5400 квотаны аймактарга бөлүштүрүү болду. Анткени бизге 7 миң 26 киши каттоодон өткөн. Буга байланыштуу биз статистикалык комитеттин маалыматы менен бөлүштүрдүк. Баары кезекке жараша болду. Калган кишилер кийинки кезекке калды.

Быйылкы эсеп боюнча ар бир ажыга 2890 доллар менен кошо кайтарымсыз 1000 сомдон туура келген. Бул сумма дагы коомдо талкуу жараткан. Анткени ажылыкка кетчү чыгымды ачык көрсөтпөй жатышат деп  нааразычылыгын билдиргендер да болгон. Буга байланыштуу муфтияттын башкы бухгалтери Жеңиш Бекиев түшүндүрмө жасады. Ал белгилегендей, буга чейин түзүлгөн айрым келишимдерге байланыштуу кээ бир кызматтардын каражаты 90%га жакыны төлөнгөн.

Эң чоң сумма авиа каттамга каралган. Бир ажыга 1миң 550 доллар каралаган. Андан кийин 339 доллар (аваид) Сауд Аравия койгон талапка ылайык чек арадан кирген күндөн тартып ал жака 30 күн үчүн төлөнөт. Никаба деп коет ал камсыздандыруу деп тушүнсөк болот. Ал ар бир ажыга 10доллардан. Мина Арафаттагы чыгымдар 7 доллар. Мунун баары 339 долларга кирет. Андан кийин ар бир ажыга 15 доллардан туура келген ошол жердеги транспорт чыгымдары.

Муфтияттын берген маалыматына ылайык, бул сапарды уюштуруу үчун жалпысынан  6 конкурс өткөн. Аларды атайы мекемелер аралык тузүлгөн комиссиянын 24 мүчөсү көзөмөлгө алган. Анын ичинде ажылар менен кошо барган 16 дарыгер да атайы тандалып алынган. Бул туурасында Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

-Конкурстун негизинде 88-90 баллдан жогору алган дарыгерлер алды. Анын ичинде кардиолог, эпидемиолог, акушер-гинеколог, эндекринологдор бар. Анткени ажылардын ичинде улгайган кишилердин арасында ар кандай оору менен бара жаткандар болуш мүмкүн. Алардын баары конкурстан тандалып алынды.

Маалыматка ылайык, ажыга барчулардын биринчи тобу 25-июнда Меккеге жөнөп кетишет. Азырынча эмдөө, виза иштери гана калган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache