Шашылыш кабар:

Кыргызстанда 20 миңдей бейтап паллиативдик жардамга муктаж

Кыргызстанда 20 миңдей бейтап паллиативдик жардамга муктаж
Ден соолук
0

Кыргызстанда 20 миңдей бейтап паллиативдик жардамга муктаж. Башкача айтканда алар жашоосуна коркунуч туулуп, өнөкөт ооруларга чалдыгып, туура дарыланууну үйрөнүүгө, медициналык жана психологиялык жактан жардамга муктаж. Бирок өлкөдө мамлекеттик мындай кызматтар жокко эсе. Мындан улам «Сорос-Кыргызстан» фонду мамлекеттик ооруканаларда атайы болүмдөрдү ачып, мобилдик группаларды уюштуруп, дарыгерлерди окутуп келет. Учурда Бишкек жана Ошто бейтаптарга кызмат көрсөтүлүп келет.


Жашы 80ди таяп калган ата Улуттук онкология борборундагы паллиативдик жардам бөлүмүндө 6-ирет дарыланып жатат. Дарыгерлер нур терапиясын алганга болбойт деген тыянак чыгарса да, ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн жардамдарга канаат кылып, сакайып бара жатам деп үмүтүн үзбөй жашап келет.

Ашказаным ооруп ушундай абалга туш болдум.Ашказандан бардык органга оору таркап кеткен. 6-рет бул жерге келишим. Чыдатпай оорутат. Бирок азыр жакшы. Бул жакта дарыгерлер жардам берип турушат. Анын үстүнө өзүм да дары-чөптөр менен дарыланам.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик паллиативдик жардам жок. Бирок “Сорос Кыргызстан” фондунун колдоосу менен Бишкекте жана Ошто айыккыс дартка чалдыккан бейтаптардын акыркы күнүндө сапаттуу жардам көрсөтүү масактында паллиативдик кызматтар ачылган. Маселен, Улуттук онкология борборунда 25 бейтапка ылайыкташтырылган атайы бөлүм уюштурулган. “Бирок бул аз. Анткени Кыргызстанда болжол менен мындай жардамга муктаж 20 миңдей киши бар”,- дейт онколог Жаңыл Кочкорова.

-Бул бейтаптар тилекке каршы өмүрүнүн акыркы убактарын өткөрүп жатышат. 4 жылдан бери “Сорос-Кыргызстандын” колдоосу менен мобилдик топтор иштеп жатат. Алар үйүнө барып бейтапка жардам беришет. Туугандарына түшүндүрүп, бейтапка кантип мамиле жасоо керектигин түшүндүрүшөт. Топтун ичинде дарыгер онколог, психолог, соцкызматкер болот.

Паллиативдик жардам көрсөткөн топ бейтапка психологиялык жактан, оорусун басаңдатуучу жардамды, дарыгер берген дарыны гана бере алат. Тилекке каршы бул ишти жасоого кызыктар болгон адистер аз. Кыргызстан боюнча үчөө гана. Анын үстүнө бул жардам өлкөгө 2013-жылдан баштап гана кире баштагандыктан, адистер да уюмдардын жардамы менен ар кандай окутуулардан өтүп турушат. Бул сапар дарыгерлерди окутууга келген Монголиянын паллиативдик жардамды уюштуруу ассоциациясынын президенти Давасуреен Одонтуйя Кыргызстанда бейтапка биринчи кезекте психологиялык жардам керек дейт.

Дарылоо албетте эң негизи милдет. Бирок паллиативдик кызмат көрсөткөн дарыгер биринчи кезекте психологиялык,  моралдык,социалдык жардам бере алыш керек. Анткени өлүмүн күтүп жаткан бейтаптын өзү эле эмес, үй-бүлөсүнүн да абалы оор болот. Ошондуктан аларга колдоо керек. Социалдык жактан жардам да маанилүү. Анткени оорунун акыркы баскычында дарт менен күрөшүп жаткан бейтапка оңой акча кетпейт.

Бул бейтаптарды түйшөлткөн дагы бир көйгөй, ооруну басаңдаткан дарынын мамлекеттен берилген өлчөмүнүн жетпеши жана жазылган рецепттин убактысы. “Сорос-Кыргызстан” фонудунун коомдук саламаттык программасынын координатору Айбек Муканбетовдун айтымында  3 миң милиграмм бейтаптарга 3 айга жетпейт. Ал эми дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча кеминде 3 ай морфин менен камсыздалыш керек.

Ооба, бул бейтаптарга берилген дарылар маанилүү делип, мамлекеттен жеңилдик менен берилет. Бирок алар кандай өлчөмдө берилет? Абдан аз. Мисалы ар бир бетйпака 3 миң миллиграмм өлчөмүндө жеңилдик менен алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал болсо адистердин эсептөөсү менен 1 айга гана жетет. Калган айын алар өздөрүнүн чөнтөгүнөн алышат. Анын үстүнө морфинге жазылган рецепттин мөөнөтү да аз. Бир бейтап аймакта жашаса, морфин түгөнүп калса кайра келип алыш керек. Ал үчүн дарыгерге бары убара болот. Ушул жактарын жеңилдетүү зарыл.

Атайын жүргүзүлгөн иликтөөлөргө таянсак, күн сайын 3 300 адам жардамга муктаж болсо, андан 570 киши онкологиялык ооруларга чалдыккандар. Бирок 2016-жылы жалпысынан 1106 оорулууга гана паллиативдик жардам көрсөтүлгөн. Бул жалпы жардамга муктаж жарандардын 5 пайызга жакынын түзөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache