Шашылыш кабар:

Муралиев: Жемкорлордон түшкөн каражатты тыкыр көзөмөлдөө керек

Май 16th, 2018 | by Бахар Хакимова
Муралиев: Жемкорлордон түшкөн каражатты тыкыр көзөмөлдөө керек
Күн чекит
0

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө кайтарылган акча каражаттары үчүн атайын банк эсебин ачууну сунуштады. Өлкө башчынын бул тапшырмасын аткаруу үчүн Президенттик аппараттын, прокуратура органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер, Финансы министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Улуттук банктын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өттү. Өкмөткө бул максаттарда атайын банктык эсеп ачуунун ченемдик-укуктук маселелерин иштеп чыгуу сунушталды. Бул кандай натыйжа берет? Ушул теманын алкагында мурдагы премьер-министр Амангелди МуралиевКүн чекит” программасына маек курду.

Марал: Коррупционерлерден кайтарылган акчаны сактоо үчүн атайын эсеп ачуу демилгеленип жатат, президент эмне үчүн өкмөткө ушундай тапшырма берди, учурда буга зарылчылык жаралып турабы?

Амангелди Муралиев: Бул максатта атайын эсеп ачуу туура деп ойлоп жатам. Коррупциялык күрөштүн натыйжасында ушунча акча кайтарылды деп элге ачык-айкын айтып турганы жакшы кадам.

Негизи чет элдик талдоочулар да анализ кылышып, Кыргызстанда жемкорлуктун деңгээли бийик экендигин жарыялашкан. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы өзүнүн программасында коррупция менен күрөшүүгө олуттуу мамиле жасай турганын билдирген. Ошол эле учурда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев деле коррупциянын тамырын кыркам деп айтып келди. Бирок ал күрөштөн натыйжа чыккан жок. Мына азыр карасаңар, аны менен чогуу же айланасында иштегендердин баары эле коррупцияга малынгандыгы аныкталып четинен чыгып жатат.

Жаңы президенттин коррупция менен күрөшүүсүнө ишенем. Анткени мен аны көп жылдан бери билем, ал сөзүнө турган киши.

Марал: Сиз убагында өкмөттү көп убакыт башкарып турдуңуз эле, ал кезде коррупционерлерден түшкөн каражаттар каякта сакталчу эле?

Амангелди Муралиев: Алгач тергөө иштери жүрүп, андан кийин иш сотко өткөрүлүп берилет. Соттун чечими менен коррупциялык иште аныкталган акча каражаты кайтарылып алынат. Айрым учурда тергөө мезгилинде айыпталган жарандар күнөөсүн сезип акчасын төгө берчү. Жемкорлордон түшкөн каражатты сактоонун  ушундай жолдору бар.

Марал: Президенттин бул тапшырмасы учурда резонанс жаратып жаткан Бишкек жылуулук электр борборундагы иш  менен дал келип жаткан жокпу?

Амангелди Муралиев: Бишкек жылуулук электр борборундагы кырдаал – бул коомчулукту дүңгүрөткөн иш. Бирок андан башка дагы бир топ тармакта коррупциялык көрүнүштөр бар. Мисалы, жол куруу, энергетика, аткезчилик тармактарында коррупция кенен жайылган. Жөнөкөй эле мисал, мен жакында неберелеримди мектепке берүү үчүн сүйлөшүп койгом. Кийин балам барса акча бербесең кабыл албайбыз деп коюшуптур. Билим берүү тармагында да жемкорлук абдан тамырлашкан.

Марал: Атайын эсеп ачылса аны кайсы орган көзөмөлдөшү керек? Анан бул кадам кандай натыйжа берет?

Амангелди Муралиев: Коррупционерлерден кайтарылган акчанын баары мамлекеттик бюджетке кошулат. Аны Эсептөө палатасы, парламент көзөмөлдөйт. Бирок эми бюджет деле айрым мекемелерди эске албаганда ачык эле болуп жатпайбы. Коомдук комитет түзсө деле болот. Эми президент таза иштейли деп жатат, ошондуктан бул демилгеден жыйынтык чыгат деп ишенем.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache