Шашылыш кабар:

Бажы кызматын Оӊолбеков оӊдойбу?

Бажы кызматын Оӊолбеков оӊдойбу?
Экономика
0

Мамлекеттик бажы кызматына өткөн жылдын аягында дайындалган Кубанычбек Кулматов быйыл кайра кызматтан кетти. Ал буга чейин Бишкектин мэри, Улуттук банктын төрагасы, орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси сындуу майлуу-сүтүү орундарды ээлеп келген.

Кулматовдун кызматтан алынышы менен Бажы кызматына айтылган сын-пикирлер жанданды. Коомчулукта, парламентте болобу бул кызмат коррупцияга малынган орган деп сыпатталып келет. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов бул сөздөрдү былтыр Казакстан тарап ачыкка чыгарганын айтып жатат.

— Бажы системасындагы коррупция өлкөдөгү экономиканын абалынан улам болуп жатат. Кыргызстанда коӊшу өлкөлөргө реэкспорт болчу товарлардын чыныгы көлөмү жашырылат. Былтыркы жылы Казакстан менен болгон чек арадагы чатактан кийин аткезчилик менен өткөн товарлардын көлөмү кескин азайды.

Казакстан былтыр Кыргызстанды ири аткезчиликте айыптап, чек арадагы көзөмөлдү дээрлик үч ай бир тараптуу күчөткөн. Анын айынан бир топ ишкерлер чыгымга учураган. Кубанычбек Кулматов жумуштан алынган күнү эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бажыга Алмаз Оӊолбековду дайындады. Аны вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бажы кызматынын жамаатына тааныштырып жатып, Оӊолбеков бул тармакта дээрлик 25 жыл иштегенин, анын алдында бажы төлөмдөрүн көбөйтүү милдети турганын айтты. Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин төрага орун басары, депутат Зиядин Жамалдинов жаӊы жетекчи биринчи кезекте Бажыдагы уурулукту тыйыш керек деп эсептейт.

— Коомчулукта айтылып жаткан уурулукту токтотуш керек. Келген товарлар менен машиналарды мыйзамдын чегинде катташ керек. Учурда баардыгы теӊ эски кадрлар болгондуктан мурдагы эле мыйзамсыз иштерин кайталап кыла бериши мүмкүн. Ошондуктан акырындык менен кадрларды алмаштырыш керек.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров (оӊдо) Алмаз Оӊолбеков (солдо)

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бажы кызматына Кулматовду дайындаган соӊ, мекеменин жетекчи орун басары Райымбек Матраимовду кызматтан алган. Бул өз кезегинде быйыл январь айында бажы төлөмдөрүнүн бир топ көбөйүшүнө алып келгени айтылган. Расмий маалымат боюнча Борбордук бажынын күн сайын топтогон каражаты 30 миллион сомду түзсө, бул көрсөткүч январда 60 миллион сом болгон. Ал эми Ош бажысындагы төлөмдөр он эсе көбөйүп, мурда күнүнө 1,5-2 миллион сом болсо, ал 15 миллион сомго жеткен. Экономист Кубан Чороев Бажыдагы жемкорлукту кыска аралыкта токтотуу боюнча сунуштарын берди.

— Арменияда Никол Пашинян премьер-министр болуп келгенден кийин үч күндүн ичинде бажыдагы бир катар маселени оӊ жолго салды. Кыргызстанда болсо 1000ге чукул бажы кызматкерлери бар. Өтө деле көп эмес. Алардын айлыгын көбөйтүп, көзөмөлдү күчөтүп, видеобайкоолорду койсок коррупциядан арылууга жол ачылат.

Май айынын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кытайдан аткезчилик жол менен келген баасы 30 миллион сомго жакын телефондорду кармаган. Ал чөнтөк телефондор документте «термос» деп көрсөтүлгөнү аныкталган. Буга байланыштуу Бажы кызматынын үч кызматкери жумуштан алынган. Ошондой эле бажычылар ишкерлердин товарларын узак убакка кармап, убара кылат деген сындар айтылып келет. Жеке ишкер Уран Ниязалиев Кыргызстан бул жаатта коӊшу өлкөлөрдөн бир топ артта калганын айтат.

— Биз Орусия менен Казакстанга караганда мыйзамдык жактан бир топ эле артта калдык. Башка өлкөлөрдү карасаӊ бир эле кабинеттен бардык ишти бүтүрсө болот. Кыргызстанда болсо барып, ал жерде күтүп отуруп ишиӊ бүтөт. Негизи жаӊы бажы кодексине ылайык эки сааттын ичинде жүктү каттатып, жумушуӊду бүтүрүп чыгып кетишиӊ керек. Бирок мен андай кишини көрө элекмин.

Атайын кызмат быйыл март айында Бажы жана Салык кызматтарынын өкүлдөрү катышкан коррупциялык схеманын бети ачылганын жарыялап, буга байланыштуу жети кишини камакка алган. Алар кошумча нарк салыгы боюнча жасалма документтерди колдонуп, мамлекетке 847 миллион сомдук зыян келтирген деп айыпталган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache