Биз менен байланышыңыз

Бокоев: “Жасалма биометрикалык паспорттор бериле баштады”

Күн чекит | 23 Окт 2018 | 1467 | 0

Бүгүнкү күндө кыргыз паспортунун айланасында бир топ маселелер бар экени  белгилүү. Мисалга 2016- жылы 98 уйгур жасалма кыргыз паспорту менен Түркияда кармалганы элдин эсинде . Бирок ал иштин жыйынтыгы ушул күнгө чеийн чыга элек. Жооптуу инсандар жоопкерчиликке тартылып, жазасын ала элек. Акыркы маалыматтар боюнча төрт кишиге айып тагылган. Алардын ичинен эки кыргыз жана эки кытай жараны. Бирок алар толук жазасын ала элек. Көйгөйү бүтпөгөн кыргыз паспорту тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев менен маектештик.

 

Тергөө иштери ушул күнгө чейин уланып жатканы маалым болду. Мамлекеттин кадыры үчүн маанилүү болгон мындай иштер аягына чыкпай жатышынын себеби эмнеде?

 

Паспорт биздин атрибуттардын бири эле эмес, мамлекеттин менчиги экенин тастыктоочу документ. Ал документти алып жүргөн адам дүйнөнүн кайсыл бурчунда болбосун, паспорт берилген мамлекеттин карамагында, камкордугунда болот. 98 паспорттун уйгурларга берилиши боюнча маселе бизди дүйнөгө уят кылып, эл аралык деңгээлде запкысын берди. Жада калса криминалдын өкүлдөрү, Мухтар Аблязов сыяктуу канчалаган кишилер биздин документти алып жүрүштү. Кара тизмеге кирген 10-20 миңдеген инсандар кайрадан паспорт жасатып алгандары белгилүү. Мына эми биометрикалык паспорт берүү менен буга окшогон көйгөй токтойт деп ишендик эле. Үмүттү таш кабып, жакында эле жасалма биометрикалык паспорт алган жаран аныкталганы маалым болду. Мунун баары коррупция, акчанын бийиктиги жана биздеги көзөмөлдүн катуу болбой жатканынан болууда го.

Мунун барын көрүп, билип туруп, сөз менен сындабай токтотуунун механизмин катаал шарттар менен ишке киргизсе болбойбу? 

Биометрикалык паспорт менен мындай көйгөйдөн арылабыз дешти эле, ал да болбой калгандай. Мен 5-чакырылыштан бери эле көтөрүп келем. Паспорт менен айдоочулук күбөлүктү Ички иштер министрлигине өткөрүп бериш керек. Буга чейин Мамлекеттик катто кызматында канчалаган кемчиликтер болуп келсе да, министр же орун басарларды жоопко тарта албай келебиз. Аны менен катар дагы бир маселе турат. 996 Кытай жаранына Кыргызстанга жашоого мыйзамсыз уруксат берилгени аныкталган. Эки жыл мурун иш козголгону менен жоопко эч ким тартылбайт же мыйзамсыз кирген кытайлар депортацияланбайт. Бул окуялардын баары биздеги паспорттун айланасында олуттуу маселе көп экенин көрсөтүп, “паспорт” деген өзүнчө иш ача тургандай абалга келип калды.

Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик документти жасоо чоң кылмыш, жазасы да катуу экени белгилүү. Биздеги 98 паспорт, сиз айткан 996 документ мыйзамсыз берилгени, кылмыш болуп жатканы далилденип турат. Эми ушундай абалды жөнгө салууга, тиешелүү адамдарды жазага тартууга эмне тоскоол болуп жатат?

Интернетте жүрбөйбү, кытай жаранынан документтерин сураса, биздин паспортту көрсөтүп. Кайдан алдың десе, 5 миң долларга сатып алганын айтууда. Мен жогоруда айткан миңге жакын мыйзамсыз келген кытайлар да ошондой акчаларды берген да. Миң кытай 5 миң доллар берсе эле, 5 млн доллар болуп жатпайбы. Мындай сумманы алып, паспорт бергендер кайра аларды жокко чыгарып, жоопко тартпай, депортациялабай жатат да. Менимче бул жерде чоң коррупцияга байланган кылмыштуу схема бар. Анын ичинде акча сатылган ар тармактагы мамлекеттик кызматкерлер бар. Жазалоо тарабына келгенде ал жакта андан да чоң суммалар тоскоол болуп жатат окшойт.

Маегиңизге рахмат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM