Шашылыш кабар:

Малайзиянын мурдагы оппозиция лидери абактан бошотулду

Май 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Малайзиянын мурдагы оппозиция лидери абактан бошотулду
Дүйнө кабарлары
0

5 жылга соттолгон Малайзиянын мурдагы оппозиция лидери Анвар Ибрагим абактан бошотулду. Бул тууралуу Малайзиянын The Star басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Анвар Ибрагим 1998-жылы өлкөнүн вице-премьер-министри жана каржы министри болуп турганда коррупция жана гомосексуализм боюнча айыпталып, 15 жылга соттолгон. 2004-жылы ага карата тагылган гомосексуализм боюнча айып алынып салынгандан кийин абактан бошотулган. Бирок бир канча жылдык соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында гомосексуализм боюнча күнөөлүү деп табылып, 2014-жылы 5 жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүнө карата тагылган айыптарды четке кагып келген.

Ушул жылдын 10-майында 15 жылдан кийин кайрадан Малайзиянын өкмөт башчылыгына келген Мохатхир Мохамад өзүнүн алгачкы билдирүүсүндө Анвар Ибрагим тез арада абактан бошотулушу керектигин айткан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache