Шашылыш кабар:

Токойлорду натыйжалуу башкаруу боюнча Кыргызстан FSC сертификатын алды

Токойлорду натыйжалуу башкаруу боюнча Кыргызстан FSC сертификатын алды
Коом
0

Өлкөдөгү токойлорду натыйжалуу башкаруу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринен ичинен Кыргызстан биринчи болуп FSC сертификатын алды.  Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында Жалал-Абаддагы   Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма жана Тоскол-Ата токой чарбалары Эл аралык сертификатка ээ болду.

Кыргызстандын жалпы аянтынын  5-6 пайызын токой түзөт. Бирок жылдан жылга өлкөдөгү токой чарбалары суюлуп  баратканын эксперттер айтып коңгуроо кагып келет. Бул аянтты сактап, токой чарбасын мындан ары өнүктүрүү максатында Кыргызстан  FSC Эл аралык сертификатын алды.  Өткөн жылдын жайында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында пилоттук аймактагы үч токой чарбасы кирди. Бул туурасында Токой жана жер пайдалануучулар бирикмесинин башкы директору Айткул Бурханов «Марал» радиосуна кабарлады. Эми токойду натыйжалуу пайдалануу үчүн Кыргызстан Эл аралык коомчулукта милдеттеме алды.

Ижарачыга берилген жерлер боюнча көп кечиликтер бар. Келишимдерди карасак, ижарачылар бүгүнкү күнгө чейин токойго мөмө териш үчүн гана келип турушкан. Азыркы келишимде сертификаттын талабына ылайык,  токойдогу мөмө-дарактардын  түшүмүн гана албастан аны башкарышы дагы милдеттендирилет. Токойдун келечегин дагы ойлонгонго туура келет. Ошону менен токойго толук жоопкерчиликти алат.

Буга чейинки токойду башкаруу системасына кайрылсак,  багбандар ар бир мөмө-жемишке гана уруксат алып келишкен. Маселен жаңгак токою болсо, жаңгакты гана алууга укугу болгон. Эми жаңы тартип боюнча ишкерлер өзүнө тиешелүү болгон аянттын чөбүнөн баштап, мөмөсүнө чейин ээлик кылат. Бул өз кезегинде багбандарга пайдалуу боло турганын ишкер Казыбек Самидинов айтат.  Ошону менен токойдун жоопкерчилиги дагы жүктөлгөнүн айтып берди.

Биздин токой FSC Эл аралык  сертификатын алып жатат. Биз Борбор Азияда биринчи болуп алып жатабыз. Пайдасы токойду сактап калуу. Эми жаңы тартип боюнча бактан мөмөлөрдү толук жыйнап, сатабыз.  Жаңгак токоюнда бир гана жаңгак эмес, бүлдүркөн, козу карын жана даары чөптүн бир канча түрлөрү өсөт. Буга чейин жаңгакты гана алып келгенбиз. Ошону менен тапкан пайдамдын 20 пайызын токойду сактап, кайра калыбына келтирүүгө жумшайм. Быйылкы түшүмдүн өзүмө тийиштүү жерди малга тебелетпей, темир тор менен тостуртуп чыгам.

Бирок жыл өткөн сайын токойлор суюлуп баратканын эксперттер айтып коңгуроо кагып келет. Анткени бүгүн бир миллиондон ашык адам токой чарбаларына жакын жашап жатат. Натыйжада элдин колуна күткөн мал-жандыктын саны өсүп, токтойлорду жок кылып жатканын Токой чарба департаментинин директору Нурлан Жумаев  белгиледи. Бул маселени чечүүнүн бирден бир жолу жандыктарды тизмеге алуу деди.

Биздин өлкө аз токойлуу мамлекеттердин катарына кирет. Бүгүнкү күнү 1 млн ашык адам токой чарбаларына өтө тыгыз жашап жатат. Эгер так сандарга токтолсом 283 айыл аймактары биздин токойлорго байланышкан. Бул аймактардын социалдык экономикалык абалы дагы биздин токойлордон көз каранды. Бирок токой чарбасын сактап, аны өнүктүрүү дагы деле толук чечилбей келет. Бул маселени чечүүнүн бирден бир механизми бул мал жандыктарды каттоо болуп саналат. Ошондо гана алардын санын көзөмөлгө алып зыяны тийбегендей жумушту жүргүзүүгө болот.  

Бул тармакты жоготуп албоо үчүн мамлекеттик органдар тараптан ижарачыларга карата көзөмөлдү күчөтүү керек. Сертификатта каралган тартиптер сакталууга тийиш экенин  токой сектору боюнча эксперт Аскат Кысанов белгилейт.  Себеби Кыргызстанда ижарачы деген түшүнүк жаңы гана кирип жатканын түшүндүрдү.

Токойлордун суюлушу жылдан жылга чоң маселе болуп келе жатат. Бул маселени чечүүнүн бир жолу ошол FSC Эл аралык  сертификаты. Бирок бул сертификат менен эле жыргап кетебиз дегенден алыс болушубуз керек. Эң алдын ошол жерде көрсөтүлгөн милдеттемелердин аткарылышын камсыздашыбыз зарыл. Себеби бүгүн ижарачы деген түшүнүк Кыргызстанда жаңы кирип жатат. Андыктан мамлекеттик органдар тараптан көзөмөл күчтүү болушу керек.

Эми жаңы келишимге ылайык Кыргызстандын токой чарбалары бир гана мамлекеттик органдар тараптан эмес, Эл аралык уюмдун адистери тараптан дагы жылына бир жолу аудит жүргүзүлүп турат. Эгерде талапка ылайык иш алып барылбаса ижарачылардын сертификаттары алынып салынат.   

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache