Шашылыш кабар:

Иманалиев: Исаковдун жоопкерчилигин караш керек

Май 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Иманалиев: Исаковдун жоопкерчилигин караш керек
Кыска кабар
0

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо келишимин түзүү боюнча коррупциялык иштерге мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жоопкерчилиги каралышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда ЖЭБдеги кырдаал боюнча өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, 2009-жылы Сапар Исаков Максим Бакиевдин командасы менен Кытайга барган. Кытайдын өкүлү 2013-2017-жылга чейин Сапар Исаковго 10 жолу, кийинки өкүлүнө 8 жолу жолуккан. 50 миллион долларлык долбоорлордон чыр чыкса, сөзсүз түрдө Исаковдун аты чыгат. Мындай байланыш ар кыл күмөн ойлорго түрткөндүктөн депутаттык комиссиянын корутундусунда Исаковдун жоопкерчилиги каралышы керек.

“Биринчиден, Сапар Исаковдун кылмышка шектүү экени өзүнчө белгиленип көрсөтүлүшү зарыл. Келишимге кол койгон Авазов менен Калиев жазаланды. Эмне үчүн негизги шектүү жазаланбайт? Экинчиден, бизде эл аралык келишимдерди өкмөт гана демилгелейт, ага өзгөртүү киргизүүгө депутаттардын укугу жок”,— деди Иманалиев.

Ал “Датка-Кемин”, Кумтөр, Түштүк-түндүк унаа жол долбоорлору боюнча комиссия түзүүнү да сунуштады.

Депутаттын сынына Сапар Исаков жооп кайтарып, анын айтканын четке какты.

“Биздин жумушубуз эл аралык өкүлдөр, элчилер менен жолугуу. Биринчиден Иманалиев бизди кат аркылуу компанияны таңуулаган деп айтып жатат. Биз болгону маалыматты президентке жеткирип жатабыз. Ким жолугушууну суранса, аларды кабыл алып, президентке тиешелүү маалымат беребиз. Иманалиев мага “Исаков коррупционер, бүт баарын жасаган” деп доомат артып жатат. Бирок айыптоо үчүн фактылар керек. Мен баарына жооп берүүгө даярмын. Мен эч качан коррупцияга малынган эмесмин жана малынбайм”.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүнкү сессиясында ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулады.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache