Шашылыш кабар:

Жээнбеков мекендештерди Рамазан айы менен куттуктады

Май 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жээнбеков мекендештерди Рамазан айы менен куттуктады
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерди Рамазан айынын кирип келиши менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

“Сиздерди Жараткандын куту төгүлгөн, руханий тазалануунун, тынчтыктын жана кечиримдүүлүктүн айы болгон ыйык Орозо айынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Орозо айында береке жаап, коомдогу жана үй-бүлөдөгү ынтымак бекемделет. Момун мусулмандар жаман сөздөн алыс болуп, муктаждарга садага берип, тууганчылык, достук мамиле артып, соопчулук  иштер арбын жасалат. Жан дүйнөбүз арууланып, таза ниетибиз менен адал иштерди аткарып, бири бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулабыз. Бул айда Жаратканыбыздын ыраазычылыгына ээ болууну баарыбызга насип
этсин. Кыргыз жергесине дайыма ушул Орозо айындагыдай нур төгүлүп, ар бир
үйдө бак-таалай, ырыс-береке толуп турсун!

Орозоңуздарды Жараткан кабыл кылсын”,- деп айтылат куттуктоодо.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache