Биз менен байланышыңыз

Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга гумжардам жеткирилди

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 814 | 0

Өкмөттүн 19-сентябрдагы тапшырмасынын негизинде Ооганстанда жайгашкан Кичи жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык экспедиция уюштурулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында памирлик кыргыздарга 20 тонна ун, 4 тонна шекер, 4 тонна макарон жана башка азык-түлүктөр жеткирилди. Ошондой эле, 20 куб метр тактай, 120 металдык меш жана дары-дармектер алынып барылды. Булардын баары 7 чоң жүк ташуучу унаа менен жеткирилип, жалпы салмагы 60 тоннаны түздү.

Экспедицияга мамлекеттик кызматкерлер, кардиолог,  педиатр, акушер-гинеколог дарыгерлери  катышкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM