Шашылыш кабар:

Мадеминов: Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш жасады

Май 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Мадеминов: Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш жасады
Кыска кабар
0

Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш жасады. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда ЖЭБдеги кырдаал боюнча өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов билдирди.

Анын айтымында, 20 жылда кетирилген кемчиликтерди Алмазбек Атамбаев 6 жылдын ичинде жойгонго аракет кылды. 20 жыл биз Өзбекстанга көз каранды болуп турдук. Бир депутатыбыз экс-президентти кол тийбестигинен ажыраталы деген сунушун айтып жатат. Ал депутат 1985-жылы Министрлер кеңешинин дачасында жашап жүргөндө биз талон менен жашап күн өткөргөнбүз. Алмазбек Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш жасай алды, муну убакыт тастыктап көрсөтөт.

Эске салсак, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы талкууланып жатканда депутат Исхак Масалиев ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайлар адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратууну сунуштаган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache