Шашылыш кабар:

Рысалиев: Кыргызстандагы эң коркунучтуу адамдардын сап башында Сатыбалдиев турат

Май 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Рысалиев: Кыргызстандагы эң коркунучтуу адамдардын сап башында Сатыбалдиев турат
Кыска кабар
0

Мен он күндөн бери Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң коркунучтуу адамдардын тизмесин түздүм. Анын сап башында Жантөрө Сатыбалдиев турат. Бул тууралуу Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги кырдаал боюнча өтүп жаткан жалпы жыйында билдирди.

Анын айтымында, Сатыбалдиев мамлекеттик комиссияны үч жолу башкарган. 1997-1998 жылдары Бишкек—Ош жолун курууда мамлекеттик комиссияны башкарган. 2003-2004-жылдары «ширшов схемасы» боюнча мамлекеттик дирекцияны, 2012-2013-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик дирекцияны да башкарган. Аталган иштердин баарында ызы-чуу, кылмыш иштери катталган.

“Эгер мамлекетте мыйзам иштегенде, сиз “рецидивист” болмоксуз. Урматтуу экс-премьер министрлер, сиздер бир эле адамдын каалоосу менен кызматка келгенсиздер”,- деди Рысалиев.

Өз кезегинде Жантөрө Сатыбалдиев депутаттын сөзүнө караманча каршы экенин билдирди.

«Мен сиз айткан кызматтарды аркалагам. Бирок, кылмыш иштери катталган эмес. Сизде фактылар болсо укук коргоо органдарына тапшырыңыз. Мени каралоодон мурун өзүңүздү ойлоңуз»,- деди экс премьер.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache