Шашылыш кабар:

ЖЭБ боюнча келишимдин автору Осмонбек Артыкбаев болгон

Май 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
ЖЭБ боюнча келишимдин автору Осмонбек Артыкбаев болгон
Кыска кабар
0

ЖЭБ боюнча келишимдин автору учурунда ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев болгон. Аталган комиссияны экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев түзгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өтүп жаткан ЖЭБдеги кырдаал боюнча жалпы жыйында маалым болду.

Жыйында депутат Бахадыр Сулайманов ЖЭБ боюнча келишимдин автору ким экенине кызыкты. Буга жооп берип жатып экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев ЖЭБ боюнча келишимдин автору учурунда ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев болгонун, аталган комиссияны өзү түзгөнүн билдирди.

Эл өкүлү өз сөзүндө өкмөт Кыргызстандын тарыхында 2% үстөк менен насыя алууга эч качан кепилдик берип албаганын, Эксимбанк болсо 2% үстөк менен бергенин белгилеп өттү.

Сулайманов апрель теле каналы аркылуу болбогон маалыматтар таркатылып жатканын, сентябрь каналы өз учурунда чындыкты айтканда жабылганын кошумчалап өттү.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache