Шашылыш кабар:

Мирзиёев АКШга барды, 8,5 миллиард долларлык келишимге кол коюлат

Май 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Мирзиёев АКШга барды, 8,5 миллиард долларлык келишимге кол коюлат
Дүйнө кабарлары
0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШга расмий сапар менен барды. “Эндрюс” аба майданынан аны АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү тосуп алды. Бул тууралуу “Lenta.ru” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бүгүн 16-майда Мирзиёев АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугат. Жолугушуунун алкагында «Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттарынын стратегиялык кызматташтык доорунун башталышы» деп аталган стратегиялык келишимге жана эки тараптуу кызматташтыкка байланыштуу бир катар документтерге кол коюлат.

Мындан тышкары, соода-экономика, аскердик техника тармактарында 8,5 миллиард долларлык келишим түзүлөт.

Эки өлкөнүн президенттери аймактык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды талкуулай турганы да айтылууда. Ошондой эле өзбек лидери мамлекеттик катчы Майк Помпео, коргоо министри Жеймс Мэттис жана Конгресстин мүчөлөрү менен жолугушат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache