Шашылыш кабар:

Мусабекова: ТВЕА коррупцияга аралашканы сокурга да маалым

Май 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Мусабекова: ТВЕА коррупцияга аралашканы сокурга да маалым
Кыска кабар
0

Негизи ТВЕАга Кытай өкмөтү кеилдик берген. Бул жерде коррупцияга кыргыз аткаминерлери эле эмес ТВЕА дагы аралашканы сокурга да дайын болуп турат. Ошондуктан, ШКУнун механизмдерин эске алуу менен Жогорку Кеңеш Кытай өкмөтүнө расмий кайрылалы. Бул тууралуу депутат Жылдыз Мусабекова Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги кырдаал боюнча өтүп жаткан жалпы жыйында билдирди.

“ЖЭБ боюнча ТВЕАнын жоопкерчилиги каралсын. Кытайда коррупцияга аралашкандар үчүн жазалар катуу. Кытай өкмөтү бизге карыз бергенди эле эмес жардам бергенди да билсин. Бул акчалар каякка кетти, ким аркылуу кетти билиш керек. Себеби, бул акчалар ТВЕА аркылуу гана кетиптир. Мунун үстүнө админстративдик чыгашалар да абдан көп болуптур. Мисалы, Кытайдан келген 200 адам 2-3 миң доллар алып иштептир. Командировкаларга кеткен чыгымдар түшүбүзгө да кирбейт. Ошондуктан, иттин өлүгүн өзүбүздөн эле эмес, ТВЕАдан да издейли”,- деди Мусабекова.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache