Шашылыш кабар:

Момбеков: ЖЭБди ким жегенин эл билет, Атамбаев, Жээнбеков, Абылгазиевди да чакыргыла

Май 16th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Момбеков: ЖЭБди ким жегенин эл билет, Атамбаев, Жээнбеков, Абылгазиевди да чакыргыла
Кыска кабар
0

Бүгүн Жогорку Кеңештин отуруму эмес эле Жогорку соттун отуруму болуп атат. Оң жак бетте айыпталуучулар, бул жакта айыптоочулар, жабырлануучу, күбөлөр отургандай. Мындай көрүнүш туура эмес. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги кырдаал боюнча өтүп жаткан жалпы жыйында билдирди.

“ТЭЦти кыргызча которгондо ЖЭБ болот. Жеп коюшту да, авариянын болгону чындык болсо, “афёранын” болгону да чындык. Жегендер ушул жерде эле жүрөт айланып. Эл билет ким жегенин”,— деди Момбеков.

Анын айтымында, экс президентти да учурдагы президент, премьер министрлерди да чакыруу керек. Ошондо чындык чыгат. Мен айтам аварияга рахмат, болбосо сыр чыкмак эмес, чыр чыкмак эмес.  Насостун акчасын жегендерге ордер бериш керек.

«386 млн долларды жеп койду эле жеп койду деп атасыңар. Кыргыз жебей коё албайт да. Жесе бир азырагын жегендир. Депутаттардын арасында бир эмес он ЖЭБ сала тургандар бар. Ошолор бир эмес он ЖЭБ салсын”,- деди эл өкүлү.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache