Шашылыш кабар:

Парламентте ЖЭБ чырына чекит коюлбады

Май 16th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Парламентте ЖЭБ чырына чекит коюлбады
Саясат
0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун кароо улантылды. Корутундунун биринчи бөлүгүн депутаттар 10-майда уккан. Талкуунун жүрүшүндө ЖЭБге алынган кычкачтар топтомун тергөө органдарына тапшыруу сунушталды. Ошону менен бирге күнөөсү бар делген тиешелүү жетекчилерди бүгүнтөн баштап жоопкерчиликке тартуу маселеси козголду.


Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу  талкууланды.

Жыйында “Республика — Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов буга чейин Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жетекчиси парламент трибунасынан көрсөткөн аттиштер тууралуу маалыматы жалган деп баалады.

Эл өкүлү Бишкектеги бир топ базарлар менен дүкөндөрдү кыдырып чыкканын, дал ошондой эле аттиштер топтомун 2500 сом турарын көргөнүн айтып, аны депутаттарга алып келип көрсөттү.

Биз, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү иликтөө жүрүшүндө катары көп кызыктай нерселерге күбө болдук. Насыя натыйжасыз пайдаланылып, көп каражат текке кеткени көрүнүп турат. Энергетиктер каражаттын тартыштыгын айтып, электр энергиясынын тарифин көтөрүү маселесин такай көтөрүп келет. Маянасынын аздыгына карабастан, өздөрү килейген үйлөрдө жашайт, кымбат автомашиналарды минет, алардын тууган-туушкандары да жакшы жашайт. Ал байлыктар каяктан? А, эмне үчүн алардын карызын карапайым калк төлөшү керек?

Мындан тышкары, Жамангулов Бишкек ЖЭБ чыры кийинки мамлекеттик аткаминерлерге сабак болушу керектигин айтып, эл аралык аудиттик компанияга текшерүүгө берүүнү сунуш кылды.

ЖЭБиндеги аварияга ошол кездеги инженерлер менен техникалык персоналдар жооптуу деген депутат Алмамбет Шыкмаматов насыя эки-үч эсе жогорулатылгандыгын айтып, ага кимдер кызыкдар болгондугун тактоо зарыл дейт.

ЖЭБге шаймандар бажыдан өткөндө УКМКга документ тиет. Ошондо эмнеге кымбат келип жатат деп коңгуроону каккан эмес? 386 миллион доллар алууда кимдердин кызыкчылыгы болгонун аныкташыбыз керек.

Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов болсо корутундуда аталган күнөөсү бар жетекчилерди жыйындан кийин эле тиешелүү органдар жоопкерчиликке тартуусун талап кылды.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБин модерназациялоо боюнча алган насыянын кайтарымы жалпысынан 493 млн АКШ доллары экенин, бүгүнкү күндө анын 19 млн АКШ доллары гана төлөнгөндүгүн тактады.

-Жалпылап айтканда 500 млн доллар болот карыз. Маселени саясатка аралаштырбай, чечүүнүн жолдорун карайлы. Карызды төлөөнүн жолдорун кийинкиде талкуулап, чечели. Буга байлар байлардай, кедейи кедейде берсин. Биз эмне карызыбызды жерди берип кутулмак беле. Мындай болбойт.

Бир катар депутаттар борборду модернизациялоонун баасы жогору болгондугун айтып, тендер өткөрүү маселеси эмне үчүн каралбагандыгын сурашты. Ошол мезгилдеги Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЖЭБди модернизациялоо боюнча тендер өткөрүлсө жакшы болмок деди. Бирок ага убакыт кетерин, компания тандалып отуруп, бүгүнкү күндө модернизациялоо иши бүтмөк эместигин белгиледи.

Инвестиция алып келингенине биздин өкмөт жооп берет. Кабыл алууга ошол учурдагы өкмөт жооп берсин. Демонтаж иштерине да акча кетти. Жаңы жерге курсак, аз акча кетет эле. Биз салыштырмалуу түрдө кошуна өлкөлөрдүкүнөн арзан акчага курганбыз.

Жыйында эл өкүлдөрү күнөөсү бар деп аталган кызматкерлерден депутаттык комиссиянын корутундусунун жыйынтыгы боюнча пикирлерин укту.  Мурунку өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков корутундуга макул экенин айтып бирок, айрым кошумча-алымчалары бардыгын билдиришти.

Исаков Бишкектин Жылуулук электр борбору боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун аты да жазылышы керек деп эсептейт.

—  Корутунду акыйкат болушу үчүн Сооронбай Жээнбековдун ысымы киргизилип, бардык тиешелүү адамдар аталышы керек.

Эл өкүлү  Мурадыл Мадеминов ЖЭБ чырына байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган сындарга карата пикирин айтты.

Анын билдиришинче, энергетика тармагында Атамбаев кылымга тете жумушту жасады. Анын негизинде айрым аймактар коңшу мамлекеттерден энергетиканы сатып алуу муктаждыгынан арылды.

Кыргызстанда жыйырма жылда келтирилген кемчиликти Алмазбек Атамбаев алты жылда жасады. Ага чейин Баткен Өзбекстанга көз каранды болуп турду. Бул жактан бир депутатыбыз экс-президентти кол тийбестигинен ажыраталы деп жатат. Ал депутат 1985-жылы Министрлер кеңешинин дачасында жашаганда биз талон менен жашаганбыз. Атамбаев 6 жылда кылымга тете иш жасап берди. Муну убакыт тастыктап көрсөтөт.

Ал ортодо парламенттин жыйынына азыркы жана мурдагы президентти чакыруу сунушу айтылды. Ошондо гана ЖЭБ чырына кимдин күнөөсү бар экенин так аныктоо болоорун депутат Рыскелди Момбеков билдирди. Ал Жогорку Кеңештин жыйыны сот отурумуна окшошуп баратканын белгиледи.

-Депутаттар базарком деген сөзгө арданып жатабыз. Эмне калппы? ЖЭБге кеткен акча жеп койду деп аткаруучу 7 бала камалып отурат. Башкаруучулар башка жакта отурат. Эркиңер жетеби экс-президентти да президентти да өкмөт башчыны да чакыргыла.

Аталган маселени талкулоо аягына чыккан жок. 17-майда парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы.

Эске салсак, 2013-жылы Бишкек ЖЭБин модернизациялоого Кытайдын «Эксимбанкынан» 386 миллион доллар насыя алынган. Келишимди 5-чакырылыштагы парламенттин 90 депутаты колдоп берген. Ал эми ЖЭБди реконструкциялоо иштери былтыр 31-августта бүткөн. Бирок беш айдан соң ЖЭБде ири кырсык катталып, борбор калаа бир жума жылуулуксуз калган.

Авариядан кийин окуянын чоо-жайын, насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия «жооптуу» деген 30га жакын аткаминердин тизмесин түзүп, аларга укуктук баа берүүнү сунуш кылып жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache