Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында 2 күн суу берүү токтотулат

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 615 | 0

Ош шаарында  бүгүн, 23-октябрда түнкү саат 24:00дө таза суу берүү токтотулат.  Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта, суу кышка даярдык максатында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу токтотулары айтылат.

Ал эми “Курманжан Датка”, “Манас-Ата”, “Туран” аймактык кеңештери, “Достук” жана “Калинин” кичирайондорунда суу болот.

Суу кайрадан 25-октябрда түнкү саат 24:00дөн тарта бериле баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM