Шашылыш кабар:

Трамп демократияны орнотууда Пашинян менен кызматташууга кызыктар

Май 16th, 2018 | by Бахар Хакимова
Трамп демократияны орнотууда Пашинян менен кызматташууга кызыктар
Дүйнө кабарлары
0

АКШ президенти Дональд Трамп Армениянын жаңы шайланган премьер-министри Никол Пашинянга куттуктоо телеграммасын жөнөтүп, демократияны орнотууда биргеликте аракеттенүү ниетин билдирди.

Бул тууралуу Вашингтондогу Армян элчилигине таянып РИА Новости жазды.

Трамптын айтымында, эки тараптуу кызматташуунун алкагында коррупция менен күрөшүү, саясий партияларды консолидацияга келтирүү жана Карабахтагы чырды жөнгө салууга шарт түзүлөт.

Эске салсак, Арменияда мурдагы президенттин өкмөт башчы болуусуна бир канча убакыт нааразылык акциялары өтүп, аны оппозиция лидери Никол Пашинян жетектеген. Ал 8-майда өлкөнүн парламенти тарабынан премьер-министр болуп шайланган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache