Шашылыш кабар:

Палестинада аза күтүү уланууда

Май 16th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Палестинада аза күтүү уланууда
Дүйнө кабарлары
0

Палестинада үч күндүк аза күтүү уланууда. Белгилүү болгондой израилдик аскерлердин огунан курман болгон палестиндердин урматына өлкөдө үч күндүк аза күтүү 15-майда жарыяланган болчу.

Палестина президенти Махмуд Аббас бул аза күтүү «Улуттук кыйроонун» 70 жылдыгынын урматына да жарыяланганын кошумчалаган.

Белгилүү болгондой, 14-майда Израилдин түптөлгөн күнүнүн 70 жылдыгына карата АКШнын Тел-Авивдеги элчилиги Иерусалимге көчүрүлгөн. Бул Палестина калкынын кыжырына тийип, бир канча күндөн бери нааразычылык акциялар өтүүдө. Анда израилдик аскерлердин огунан 50дөн ашуун жаран каза тапты.

Кошумчалай кетсек, тарыхий Иерусалим шаары Палестина менен Израилдин ортосунда талаш болуп келет. Эл аралык коомчулук Израилдин борбору катары Иерусалимди расмий тааныган эмес жана алардын оккупациялык саясатын сындап келишет. Бирок АКШ Иерусалимди Израилдин борбору деп таанып, элчилигин көчүрүү чечимин кабыл алган.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache