Шашылыш кабар:

Бүтүрүү кечесин өткөргөндөргө айыл пул салыш керек (Элдик пикир)

Бүтүрүү кечесин өткөргөндөргө айыл пул салыш керек (Элдик пикир)
Талаш талкуу
0

Билим берүү жана илим министрлиги акыркы коңгуроодо мектеп жетекчилерине акча чогултуп, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери менен бирге кафе, ресторанга барып, жаратылышка чыгууга тыюу салган. Ошондой эле аталган министрлик түз байланыш ачкан. Ага ата-энелер жана окуучулар акыркы коңгуроого жана бүтүрүү кечелерге акча чогултууларга тыюу салуучу ведомствонун буйругун бузуу фактылары боюнча билдире алышат.

“Марал” радиосунун “Талаш талкуу” программасында «Министрликтин бүтүрүү кечесин өткөрүүгө тыюу салган  буйругу ишке ашабы?» деген теманын алкагында угармандарын пикирин тыңдап көрдүк. Берүүнү Майраш Базлакунова алып барды.

Байланышкан угармандардын 56 пайызы Билим берүү министрлигинин акыркы коңгуроого карата чыгарган буйругу ишке ашпайт деген пикирде. Анын себебин окуучулар жашыруун түрдө болсо да бүтурүү кечелерин өткөрүшү менен байланыштырышат.

Ал эми 27 угарман министрликтин буйругу ишке ашаарына ишенишет. Алардын айтымында, тыюу салуу менен бирге түшүндүрүү иштерин да жүргүзүү зарыл.

Whatsapp:

— Баардык жаман нерсе ошол бүтүрүү кечесинен башталып жатат. Балдар эмес кыздар унаанын үстүнөн, айнектеринен чыгып алышып көчө жаңырта кыйкырып жүрүшкөн болот. Негизи эле тыюу салган мыйзамды күчөтүш керек.

— Мектеп жетекчилери, мугалимдер бизге акча чогулт деп ата-энелерди кыйнабайт. Бүтүрүү кечесин өткөрүү — ата-эненин жана окуучунун каалоосу! Муну эч ким тыя албайт жана тыюуга укугу жок. Биз демократиялык өлкөдө жашайбыз.

— Бүтүрүүчүлөрдү салып айланткан лимузиндин жана окуучуларга эшигин ачкан ресторандын ээлерине айып пул салса гана токтойт деп ойлойм.

— Мен бул сөздөргө ишенбейм. Бул жөн гана куру сөз.  Тыюу салынса да жең ичинде өтө берет. Министрликтин буйругу ишке ашпайт.

— Акча чогултууга каршымын. Өзгөчө Жайыл районундагы Талды-Булак орто мектебинде мугалимдер акча чогултканды токтотушса болмок. Акыркы коңгуроо эле эмес башкасына да чогултушат!

— Акча маселесин айтсак, мугалимдерди тыюу керек. Мугалимдердин белегине көп акча кетет. Андан көрө ошол каражатка көйнөк алса бир аз жеңил болмок.

— Эң жок дегенде ушундай буйрук чыгарып койгону жакшы. Бүтүрүү кечелерине көп каражат кетүүдө. Ошол акчаны окуу жайга өтөөрдө колдонсок болмок.

— Бул буйруктун ишке ашаарына ишенбейм. Менин кызым бүтүрүүчү, эми 10 миң сом сурап жатат. Менде 5 миң сом да жок. Кантээримди билбейм.

Жылдызбек:

— 11 жыл окуган бала майрамдагысы келет. Кечени көзөмөлдөп өткөрсө болот. Ата-энелер өз жоопкерчилигин сезиши зарыл. 15-20 миң сом коротуп, көйнөк да алып беришүүдө.

Медет:

— Акыркы коңгуроону өткөрбөгөндөр да жашап жүрөт. Бүтүрүү кечесинде жаман көрүнүштөр көп болот.

Нуриниса:

— Колунда жоктор кыйналуп калууда. Негизи ар бир таңдын атканы майрам. Мугалимдер акча сураганы сураган! Ушуну тыйса жакшы болмок. Бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салыган буйрук дароо ишке ашпашы мүмкүн.

Угарман:

— Министрдин буйругун айрым мектептер аткарууда. Бирок башкалар аткарбайт.

— Бул буйруктун аткараарына ишенбейм. Анткени сыналгылардын бүтүрүү кечесин өткөрүү боюнча жарнамалар кетип жатат.

— Акырындык менен калыбына келсе керек. Балдар чоңоюп көз караш башка жакка бара жатат. Бирок уюштурганда ата-энелер да активдүү катышууда.

— Бүтүрүү кечесин өткөрүүгө каршымын. Муну министрлик чече албайт. Бул көйгөйдү өкмөттүк деңгээлде чечиш керек.

— Былтыр кызым окууну бүттү. Болбой эле мектептин жанына лимузиндер келди, акча чогултушту. Бул буйрук акырындык менен ишке ашат деп ишенем.

— Акыркы коңгуроо жакшы салтанаттардын бири. Бирок аны өткөрбөө тууралуу сөз болуп жатат. Эгер акыркы коңгуроо өткөрүүдөн көп зыян келсе тыюу салуу зарыл. Анткени ал маанилүү иш-чаралардын бири эмес. Окуучуларга акыркы коңгуроодон да маанилүү нерселер бар экенин түшүндүрүш керек.

Максат:

— Байлар балдарына унаа белек кылып, алардын көргөндөр атаандашып жатышат. Министрликтин бул буйругу жакын арада ишке ашпайт.

Канат:

— Бүтүрүү кечелерин өткөргөндөргө мыйзамдуу түрдө айыл пул салыш керек. Ошондо гана токтойт. Тааныштар аркылуу кутулуп кетүү деген нерсе болбошу зарыл.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache