Шашылыш кабар:

Ормошев: Трамп Палестина элин жана мыйзамды сыйлабай жатат

Ормошев: Трамп Палестина элин жана мыйзамды сыйлабай жатат
Күн чекит
0

Газа тилкесиндеги чек арада Израил армиясы менен кагылыштан кеминде 59 палестиндик мерт болгону кабарланууда. Дагы эки миңдей киши дарыгерлерге кайрылган.

Палестинадагы нааразычылыгына 14-майда президент Дональд Трамптын чечимине ылайы, АКШнын элчилиги Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүлгөнү себеп болгон. 14-майда эртең менен Газада он миңдеген киши чогулуп, чек араны көздөй жүрүш кылган, ал жерде Израил күчтөрү акциянын катышуучуларына  ок атылганын дүйнөлүк басылдмалар жазып чыгышты. Газа тилкесиндеги кырдаал тууралуу суроолорубузга  Тарых илимдеринин доктору, профессор   Асан Ормошев  “Күн чекит” программасында  жооп берди.

-Газа  тилкесиндеги чек арада Израил армиясы менен кагылыштан кеминде 59 палестиндик мерт болгону кабарланып жатат.  Буга чейин АКШ президентти Дональд Трамп  АКШнын башка президенттери кылбаган  тарыхий  чечимди чыгарды.   Эми бул Орто Чыгыштагы геосаясатты кайсы нукка өзгөртөт?

Бул дүйнөлүк тынчтыкты сактоо боюнча, элдердин тынчтыкта жашоосу боюнча Бириккен улуттар уюмунун чыгарган чечимдерине дагы каршы болгондугу таң калыштууболуп жатат. Себеби эгерде АКШ президенти демократиялык өлкөнүн үлгүсү катары БУУнун чечимдерин сыйлаган адам болсо, мындай кадамга барбайт эле. Бул баардык демократияны сүйгөн өлкөлөрдүн баардыгына жасап жатканы өтө таң калыштуу. Жакында эле биз Палестина маселеси боюнча 94 мамлекеттен чогулган дүйнөдөгү окумуштуулар барып, жеринен талкуулап сындарды айтып, президентке кайрылуу жасаган элек. Себеби бул жерде мыйзамды жана ошондой эле Палестинанын элинин эркиндигин сыйлоо маселеси жатат.  

-Дүйнөнүн көп өлкөлөрү бул өзгөрүүгө каршы чыгып жатат. Буга АКШ президенти Дональд Трамп реакция кылышы мүмкүнбү?

АКШ президенти реакция кылат же кылбайт деп айта албайм. Анткени ойлонулбаган иштерди жасаган президент катары тарыхта жазылат го деп ойлойм. Себеби АКШнын  баардык президенттери БУУнун чечимдерин, мыйзамдарын сыйлап келген. Ал эми бул соңку президенттин кадамдары мыйзамга,  жана адамкерчиликтин туура келбеген кадам катары караш керек.

Бул абалдан диний экстремизм, террордук топтордун өз максатына колдонуп калуу ыктымалдыгы барбы?

Сөзсүз түрдө ыктымалдуулук бар. Себеби Сириядагы маселелер буга чоң далил. Анан албетте АКШнын кийинки Иран Ислам республикасынын атомдук ядро боюнча ойдон чыгарылган нерселерди булар эч кандай илимий маселелер менен алектенген жок.

-Маегиңизге рахмат!

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache