Шашылыш кабар:

Ак-Талаа районунда курулушу бүтпөгөн көпүрө боюнча премьер-министрге кайрылуу жолдонду

Ак-Талаа районунда курулушу бүтпөгөн көпүрө боюнча премьер-министрге кайрылуу жолдонду
Коом
0

Ак-Талчат — Казарман унаа жолундагы Нарын дарыясынын үстүнө салынып жаткан көпүрө , 13-майда, толугу менен урап , эл сууну жөө өтө баштады.  Тасмага түшкөн кадрда жергиликтүү тургандардын бири баласын мойнуна көтөрүп сууну кечсе, экинчси аркан менен өткөн.

Бир документ берүү үчүн ушул суунун жээгине келип аркан менен өтүп жатабыз. Мурун жол бар болчу. Акыркы жааган жаан көпүрөнү алып кетип, ушинтип окат кылып жатабыз.

Бул Нарын облусунун Ак –Талаа районундагы   Ак-Талчат — Казарман унаа жолундагы Нарын дарыясынын үстүндөгү чала бүтүп жаткан көпүрөдөн өтүп келаткан тургундар.  Аркан менен же балдарын мойнуна отургузуп, жанын тобокелге салып өтүп жатышат. Бул  13-майга чейин тартылып алынган тасма. Аны Куртка айылынын жашоочусу Аманбай Кадыркулов уюлдук телефонуна түшүргөн. Бул айла жоктон жасалып жаткан биздин радиого айтып берди.

Суу кичине азыраак кезде ушинтип өткөнбүз. Айланып барганга акчабыз жок.  Жаныбызды тобокелге салып өтөбүп жатканбыз. Анан эмне кылмак элек. Жолдо түнөп кала албайбыз. Ал күнү ошентип өткөнбүз. Эртесе суу көбөйүп кетип, аркан байлаганга дагы болбой калды. Шаты менен өтүп жаткандын баары биздин тургундар. Бирөөбүздүн аялыбыз, энебиз суунун аркы өйүзүндө калса өтөбүз да…   

Учурда жарандардын коопсуздугу үчүн жергиликтүү бийлик тараптан көпүрөнүн эки тарабына милиция кызматкерлери кайтарууга алып жатканын кабарлайт. Бирок район борбору менен беш айылдын ортосунда каттам толук жабылды дегенден алыс. Анткени бул негизги жолдон башка дагы эски жол бар экенин Ак Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров кабарлайт.

Биз азыркы учурда көпүрөнүн эки тарабына милиция кызматкерлерин койдук. Өз алдыбызча өтөбүз дегендер  сууну кечип же аркан менен өтө алышпайт. Экинчиден бир гана бул жол эмес, райондун борборуна бара турган экинчи жол бар. Ал Нарын району аркылуу Баетовго чейин унаа каттамы бар. Учурда траспорттор ошол жол аркылуу жүрүп жатат. Бирок жолдун сапаты жогору эмес. Альтернативдик жолубуз негизги жолго караганда начар. Бирок аны оңдоп туруу үчүн жолду караган ишканалар менен тыгыз иш алып барып жатабыз.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги  Ак Талаадагы толук бүтө элек көпүрөдөн аркан менен өткөндөр буюртма менен жасалып тартылып алынганын айтууда.  Министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси  Кылыч Досумбетовдуна бул тасма ошол жакта иштеп жаткан жолчуларды каралоо үчүн  жасалышы мүмкүн дейт.  Анткени Нарын дарыясында суу көтөрүлгөн учурда аны кечип өтүү өтө опурталдуу. Ошондуктан жергиликтүү тургундарга дарыяны кечип өтүүгө тыюу  салынган.

Суу аркылуу өткөнгө тыюу салынат.Ошондуктан биз тараптан алып караганда буюртма менен тартылып алынган тасмадай көрүнөт… Бул жолчуларды жаман көрсөтүү үчүн тартылып алынган материалдар деп ойлом.  

Акыркы кырдаал боюнча «Замандаш»  партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматов Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев жана парламент төрагасы Дастанбек Жумабековго Нарын элинин атынан келген кайрылууну жолдоду. Анда жогорку бийлик жетекчилерин бул маселеге көңүл бурууга чакырып, жазгы талаа иштери башталганда райондун борборунан күйүүчү май ташууга кыйынчылык болуп жатканын айткан.

Бул көпүрөнүн ойлонткону,  учурда Нарында жазгы талаа иштери башталып жатат. Экинчиден жергиликтүү тургандардын тиричилиги. Кош бойлуу келиндер, жүрөгү ооруган жарандар азыр райондук ооруканага жетпей отурат. Бул иштерди көзөмөлгө ала турган орган бул өкмөт. Бирок 13-майда суу көпүрөнү алып,  беш айыл райондун борбору менен байланышы үзүлсө, Өзгөчө кырдаалдар, Транспорт жана Айыл чарба министрлигинен эч ким басып барып да  койгон жок. Ошон үчүн мен жогорку кызмат жетекчилерине кайрылуу кылдым.  

Эскерте кетсек, 2017-жылдын май айында Ак-Тал-Чат — Казарман жолунда узундугу 141,2 метр, туурасы 5 метр болгон көпүрөнүн ортоңку тирөөчү чөгүп, авариялык абалга кептелген. Мындан улам көпүрөнүн 44,3 метр жери оңдоого муктаж болот. Аны калыбына келтирүү үчүн Транспорт жана жолдор министрлиги тендер жарыялап, аны «Кербен жол курулуш» ААКсы 42 миллион 858,8 миң сом сунуштап утуп алган.

Бирок каражаттын 38 млн сому дайынсыз жоголуп көпүрөнүн курулуш иши толук бүткөн эмес.  Бул сумманы кайтаруу үчүн учурда соттук иш жүрүп жатат.

Ага  чейин  жергиликтүү муктаждыгын чечип берүү үчүн көпүрөнүн курулуш иштери улантуу үчүн  экинчи жолу  үстүбүздөгү жылдын 4-январында түзүлгөн.  Долбоор 54 млн 328миң сомго деп эсептелген. Учурга чейин 7 млн сом толук которулуп берилген.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache