Шашылыш кабар:

Үч жаштан кийин кеч…

Үч жаштан кийин кеч…
Билим жана Маданият
0

Бишкекте алгачкы жолу балдарды эрте жашта өнүктүрүү боюнча улуттук форум өтүүдө. Эки күнгө созулган иш-чаранын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, тиешелүү программалар иштелип чыгат. Уюштуруучулардын айтымында мындай иш-чара коомду өнүктүрүүдө орду чоң. Анткени илимпоздор тастыктагандай баланы эртелеп өнүктүрүү ага салынган инвестиция 7 эсе кайтып келет.


Баланы эрте жашта өнүктүрүү маанилүү экендигин илим тастыктаган. Анткени 3 жашка чейин баланын мээси 80% калыптанат. Андан кийинки мезгилде басаңдай баштайт. Бул көрүнүш анын кабыл алуу, үйрөнүү, таануу жөндөмүнө туздөн-түз таасирин тийгизет. Бул туурасында балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн алкагында өткөн 1-Улуттук форумда экс-президент, “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева айтты. Ал белгилегендей баланын өсүшү өлкөнүн экономикалык-социалдык абалы менен да түздөн-түз байланыштуу. Анткени өнүккөн өлкөлөрдө Кыргызстанга салыштырмалуу бюджеттен аз каражат сарптоо менен жакшы жыйынтыктар көрүлгөн. Мунун сыры балага эрте жашта инвестиция салуу.

3 жашка чейин баланын мээси 80% калыптанат экен. Салмагы да, түзүлүшү да чоң кишиникиндей болуп. Ошол убакытта ага берилген маалымат маанилүү экендигин илим тастыктады. Мисалы өнүккөн өлкөлөрдү карасаңар алар эртелеп өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушат. Бирок бюджеттен бөлгөн пайыздык көрсөткүчү биздикинен аз. Мунун сыры эрте жашта өнүктүрүүгө байланыштуу.

Ушул алгачкы 3 жылдын ичинде баланын кайсы бир нерсеге жөндөмүнүн, аң сезиминин калыптанышынын, ой жүгүртүүсүнүн, келечекте билимдүү жана дени сак болуусуна шарт түзүүгө болорун илимпоздор айтышат. Маселен, мурдагы билим берүү жана илим министри Камила Шаршекеева баланы 6 жашынан башталгыч класска берүүнү сунуштаганын айтат. Анткени бул жашта баланын жөндөмдүүлүгү 37% болсо, 7 жашта бул көрсөткүч төмөндөйт.

-Мен министр болуп турган кезде билим берүү тармагындагы реформанын алкагында 6 жаштан башталгыч класска берүүнү сунуштагам. Анткени 6 жаштагы баланын 7 жашка караганда чыгармачылык жөндөмү жогору болот экен. Мисалы 6 жаштагы баланын жөндөмү 37% болсо, 7 жаштагы баланыкы 17%. Ал барган сайын калыптанып, төмөндөй берет. Канча эрте болсо, ошончо жыйынтык жакшы.

Адистер өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга байланыштуу коом экиге бөлүнүп калгандыгын айтышат. Мындан улам баланы өстүрүүдө да моралдык мамиледен көбүрөөк материалдык инвестицияга көңүл бурган ата-энелер да көбөйдү. Бирок “Билим берүү мекемелеринин” ассоциациясынын президенти Элмира Каримованын айтымында, жаш баланы өнүктүрүү материалдык абалга көз каранды эмес. Балага кичинекей киши катары мамиле кылганда гана ал өз алдынча, эркин оюн так айта алган киши болуп чоңоет.

-Баланы тарбиялоо, ага жогорудан карап үйрөтүү эмес. Ал менен чогуу жашоо, аны түшүнүү, аны сүйүү. Ошондо бала өзүнө ишенет. Ага келечектеги чоң кишидей мамиле жасоо керек. Аны кичинекей киши катары кабыл алыш керек. Биз көп нерсени кийинкиге калтырабыз. Окутсам, кийиндирсем, жогорку окуу жайга берсем адам болот деп ойлойбуз. Анда кеч болот.

Бирок Юнисеф балдар уюмунун өкүлү Дипа Гревер 6 жаштан кеч калдым деп кайгырбоого чакырат. Баланы өнүктүрүүгө эч качан кеч эмес. Бирок эң натыйжалуу убакыт 3 жашка чейинки мезгил. Ал эми аны өнүктүрүү элементардык түрдө ырдап берүүдөн тартып, дүйнө таанымын кеңейтүүгө чейин барат. Негизгиси-сүйүү.

Балам 3, 6 жаштан өтүп кетти, аны өнүктүрүүгө кечиктим деп ойлонбоңуз. Анткени баланы өнүктүрүүгө эч качан кеч эмес. Ал дайыма өсүү темпинде болот. Ата-эне ал менен дайым сүйлөшүп, баарлашып, мамиле куруп сүйүш керек. Эч качан кеч эмес, бирок 3 жашка чейин сүйүү менен суугарып калуу маанилүү.

Адистердин айтымында, балага эрте жашта салынган инвестиция 7 эсеге көп болуп кайтып келет. Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан 1-Улуттук форум эртең дагы ишин улантат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache