Шашылыш кабар:

Шаршеев: Геосаясат ЕАЭБге кедергисин тийгизди

Шаршеев: Геосаясат ЕАЭБге кедергисин тийгизди
Күн Чабыт
0

Орусиянын Сочи шаарында 14-май күнү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны болду. Ага Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын, Беларусиянын президенттери жана Армениянын премьер-министри катышты. Жыйында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык биримдиктин Кыргызстанга берген пайдасы чечиле элек маселелер менен учурдагы көйгөйлөр тууралуу баяндама жасады. Биз ЕАЭБдин алкагындагы экономикалык маселелер боюнча экономист Искендер Шаршеев менен маектештик.

Марал: Президент Сооронбай Жээнбеков баяндамасында 2017-жылы бирликке мүчө өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмү 26 пайызга өскөнүн белгиледи. Ошол эле учурда чакан жана орто бизнести жүргүзүүдө маселелер бар экенин айтты. Сиз ЕАЭБдин алкагында экономикалык жылыштарды көрүп жатасызбы?

Искендер Шаршеев: Албетте, мисалы текстиль боюнча Кыргызстандын экспорту өскөн. Бирок калган тармактар боюнча экспорт ылдыйлап кеткен. Чоӊ өлкөлөр менен атаандашуу бир аз кыйын болот экен. Айрым учурларда Кыргызстан ЕАЭБге кийинчерээк же башкача шарттар менен кирсе болмок деген ойлор келет. Биз биримдиктеги өлкөлөргө айыл-чарба продукцияларын экспорттойбуз деген менен бизден барган товарлар кайра артка кайтарылган учурлар көп болууда. Тескерисинче Кыргызстан ЕАЭБге кирген өлкөлөргө караганда биримдикке мүчө эмес Өзбекстанга айыл-чарба продукцияларын көбүрөөк чыгарды.

Марал: Сооронбай Жээнбеков «Геосаясаттык чыңалуунун өсүшү евразиялык интеграциянын алкагында биз жетишкен натыйжаларды жокко чыгарып коюшу мүмкүн» деген кооптонуусун ортого салды. Европа менен Орусиянын алакасынын күндөн-күнгө начарлашы биримдикке канчалык таасирин тийгизет?

Искендер Шаршеев: ЕАЭБ саясий биримдик катары мурдагы СССРге мүчө өлкөлөрдү бириктирүү максаты менен түзүлгөн да. Кыргызстан бул биримдикке киргенге чейин реэкспорт аркылуу жакшы эле алдыга чыгып бара жаткан. Азыр реэкспорт кесилип алар Орусия менен Казакстан аркылуу кете баштады. Ал эми геосаясаттык абал биримдикке катуу таасир берет. Мисалы Кыргызстандын Орусия менен Казакстандын базарларына барган товарлары сатылбай калууда. Ал өлкөлөрдө элдин сатып алуу жөндөмү эл аралык санкциялардын негизиндө төмөндөп бара жатат.

Марал: Кыргыз президенти «Евразия экономикалык бирликке мүчө өлкөлөр Кытай, Индия жана Сингапур сындуу мамлекеттер менен да тыгыз соода-экономикалык байланыштарды түзсө» деген ниетин билдирди. Бул сунуш колдоого алынышы мүмкүнбү?

Искендер Шаршеев: ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн президенттери «биз Индия менен Кытай менен бириксек жакшы болот эле» деп көп айтышат. Муну Биримдикке мүчө өлкөлөр колдойт. Башка суроо Индия менен Кытай бул сунушка макулбу маселе мына ушунда. Бул өлкөлөр соода-сатыгын көбүнчө Тынч океан аркылуу жүргүзөт. Ал эле эмес биздин кошуна мамлекеттер ошол эле Өзбекстан, Тажикстан биримдикке кирүүгө шашылбай турат. Биз экономисттер менен сүйлөшкөнүбүздө алар биримдикке кирген өлкөлөрдүн экономикасындагы өзгөрүүлөрдү, көрсөткүчтөрдү байкап турушканын айтышат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache