Шашылыш кабар:

Кыргызстанда балдардын эрте куракта өнүгүүсүнө арналган форум башталды

Май 15th, 2018 | by Бахар Хакимова
Кыргызстанда балдардын эрте куракта өнүгүүсүнө арналган форум башталды
Кыска кабар
0

Бүгүн, 15-майда Кыргызстанда балдардын эрте жашта өнүгүүсүнө байланыштуу биринчи улуттук форум башталды. Анда балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалуусу, адистердин даярдалышы, ата-энелердин баланын өнүгүүсүндө таасирлеринин тегерегинде сөз болот.

Иш-чара Юнисеф балдар уюму, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду жана Ага Хан фондунун өнөктөштүгү менен уюштурулууда.

Уюштуруучулардын айтымында, форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынат.

Форум эки күнгө созулат. Бул иш-чара Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү программасынын ичинде каралган.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, баланы 6 жашка чейин өнүктүрүү жакшы жыйынтык берет. Бирок өлкөдө балдарды эрте жашта өнүктүрүүгө тийиштүү шарттар аз.

Расмий маалыматтарга ылайык,  Кыргызстанда ар бир 5-баланын бирөө гана мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache