Шашылыш кабар:

Биз тумчугуп жатабыз акциясында мэрди кызматтан кетүүгө чакырышты

Биз тумчугуп жатабыз акциясында мэрди кызматтан кетүүгө чакырышты
Коом
0

“Биз тумчугуп жатабыз!” кыймылы борбор калаада бактар кыйылып, экология бузулуп жатат деген чакырыктар менен бүгүн экинчи ирет жөө жүрүш жасашты. Эске салсак, алар буга чейин 3-апрелде да мэрдин кызмат ордун кароо, бактардын себепсиз кыйылышына каршы чыгып тынчтык митингине чыгышкан. Анда резолюция кабыл алып, мэрдин отставкасын талап кылышкан болчу. Андан бери коюлган талаптар аткарылбай жатканын айтып, шаардык кеңеш да маселени көзөмөлдөбөй жатат деп нааразычылыгын билдиришти.


Эрте мененки саат 10 чамасында башталган жөө жүрүш акциясына шаар тургуну Аскаралы Абылкасымов да 6 жаштагы уулу менен жолдон кошулду. Анын айтымында, мындай акцияларга кайдыгер кароо келечек муундун тагдырына кайдыгер мамиле жасоо менен барабар. Анткени акыркы 10 жылдын ичинде шаар көркүн жоготту.

-Азыр гана кошулдум. Мен келечек муун үчүн ойлоном. Балам 6 жашта. Эгерде мынтип бактарды кыя беришсе, экология бузулуп, ушуларга зыян келет да. Шаар мурдагыдай эмес. Кышында кар жааса да кар ак эмес. Туман, кара туман. Ошол абаны бактар тазалайт да. А бизде кыйылып жатат.

Ал эми шаар тургуну Байышбек Наматов жолдорду кеңейтип, автоунаа токтотуучу жай куруу шылтоосу менен бактардын кыйылып жатканын түшүнө албайт. Анын үстүнө кыйылган бактардын ордуна отургузулган кымбат көчөттөрдүн кургап жатканына көңүл бурат.

Жаңы отургузган бактар соолуп, көктөбөй турат. Табият кабыл албадыбы билбейм. Канчалаган бактарды кыйып салышты. Азыр алар кайда эч ким билбейт. Суроо бойдон калып жатат.

Акциянын уюштуруучусу Эркин Бөлөкбаев буга чейин көтөрүлүп, айтылган тапшырмалар аткарылбай жатканына нааразы. Анын пикиринде шаардын саясатын жүргүзүүдөгү коррупциянын кесепетинен эл зыянын тартып жатат. Ошондуктан, ал борбор калаадагы саясаттын ачык болушун талап кылып, мэрди түз шайлоону сунуштап жаткандарын кошумчалады.

Биз буга чейин да чыкканбыз. Бирок айтылган талаптар аткарылган жок. Шаардык кеңеш көзөмөлдөсүн деген талапты дагы деле коюп жатабыз. Мэрди түз шайлоону сунуштайбыз.

Чындыгында акыркы учурда Бишкек шаарында экология маселеси курч болуп жатканын белгилеген шаардык кеңештин депутаты Рыспай Аматов, маселени чечүү үчүн мэрди түз шайлоо керек деген сунушка кошулбайт. Ал борбор калаада болуп жаткан айрым жагдайлар чындыгында шаардыктардын кыжырына тийип жатканын айтып, бирок мэрди түз шайлоо керек деген конституцияга да, логикага да туура келбей турганын айтат.

-Депутаттарды эл шайлайт, алар элдин өкүлдөрү. Ал эми мэрди да эл шайласа, анда элден чыккан өкүлдөр эл шайлаган мэрдин отчетун укмак беле. Анда шаардык кеңештин орду жок болуп калат. Бул конституцияга да, логикага да туура келбейт. Бирок экологиялык абал курч болуп жатканы чындык. Ал жөнүндө биз ар бир сессияда талап коюп, маселелерди көтөрүп жатабыз.

Эске салсак, буга чейин 3-апрелде да “Биз тумчугуп жатабыз” жарандык кыймылы акцияга чыгып резолюция кабыл алган. Анда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду, вице-мэрди, шаардык кеңештин төрагасын кызмат ордун бошотууну талап кылышкан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache