Шашылыш кабар:

Дарыгер: Орозо кармоо ден соолукка пайдалуу

Дарыгер: Орозо кармоо ден соолукка пайдалуу
Коом
0

Исламда 12 айдын султаны деп аталган Рамазан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматы боюнча 17-майдан башталат. Бирок айдын чыгышына жараша 1 күнгө айырмаланышы мүмкүн. Аалымдар бул ай бир гана ачка болуп напси менен күрөшүү эмес, коомчулуктун жашоосун жакшыртууда, ден соолукка тийгизген пайдасын да белгилеп өтүшөт. Бул айда мусулмандар үчүн кандай иштерди жасоо сунушталат жана орозо кимдер үчүн парз экенин төмөнкү материалдан окуңуз.


Исламда 12 айдын султаны деп белгиленген бул айды момун мусулмандар таң агаргандан күн батканга чейин оозуна наар албай, Жараткандын ыраазычылыгы үчүн адал кылынган нерселерден баш тартып, жакшы иштерди жасоого ниет кылышат. Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов орозо бир гана адамды ачка калтырып эмес, коомчулукту жаман иштерден оолак кыларын айтат.

-Пайгамбарыбыз (сав) өзүнүн сөзүндө: “Орозо-бул калкан”,-деп айткан. Эгерде бир мусулман чын дили менен, чын ниети менен орозону калкан боло турганына ишенип кармаса, Пайгамбар айтып кеткендей таризде кармаса, чындыгында ага жаман нерселерди жасоодон, жамандыктан сактап, калкан болуп берет.

Шариятка ылайык, ар бир балакатка жеткен, акыл эси жайында болгон мусулман орозо кармоого милдеттүү. Бирок ооруп калган, кош бойлуу, бала эмизген энелерге ал учурда орозо тутпоого уруксат берилет. Бул боюнча муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бахтияр Токтогазы уулу айтып берди.

-Орозо беш парздын бири. Бул жакта айрым учурда жана кишилерге уруксат берилет. Мисалы кош бойлуу аял, бала эмизген эне, сапардагы киши орозону убактылуу кармабай турса болот. Бирок аны кайрадан карыз болуп тутуп бериш керек. Ал эми улгайган кишилер такыр кармай албаса ооз ачырып бериши керек.

Бирок айрым дарыгерлер Орозонун ооруган адамга да чоң пайдасын тийгизгенин илим тастыктаганын айтышат. Маселен, илимпоздордун иликтөөсүнө ылайык, адамдын көп убакытка ачка калуусу өмүрдү узартат. Эгерде ооруп жаткан адам туура тамактанып жана дарыгердин сунушу менен кармаса, тескерисинче рак сыяктуу дарттарды жеңүүгө өбөлгө болорун медицина илимдеринин кандитаты, кардиолог Абдимиталип Халматов айтат.

-Орозо бизди калган 11 айга даярдайт. Анткени бул айда биздин организмдеги биоритмдин алмашышы Рамазан айга туура келет. Биоритм болсо иммунитетти көтөрүүгө жардам берет. Муну илим тастыктаган.

Көпчүлүк учурда ашказаны ооруган адам орозо кармай албаганын айткан Абдимиталип Халматов тескерисинче ашказаны ооруган кишиге 1 айдагы орозо жакшы таасир берерин кошумчалады.

Азыркы учурду ала турган болсок, орозо кармаган адам 14-16 саат ачка калат. Бул учурда организмге пайдасы көп. Мисалы ашказанда жара бар болсо, ашказанда кычкылдык азайгандыгы үчүн ал да жоголот. Ашказанга 12-14 саат тамак кирбеген учурда ага кеткен күчтөр башка майда ооруларды, жаңы пайда болуп жаткан ракты да жоготууга жардам берет.

Кошумчалай кетсек, Орозо айында дагы бир жакшы амалдардан деп битир садакасы эсептелинет. Муфтияттын берген маалыматы боюнча быйылкы битир садаканын өлчөмү 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын наркына барабар болот. Базар баасы менен эсептегенде садака ар бир адамга 30 сомдон туура келет. Мындан сырткары, каалоочулар мейиз, курма, арпанын салмагы менен да битир садака берсе болот.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache