Шашылыш кабар:

Улукмырза Полотов: Менден Кытай, Америка, Россия, Түркиядан атайын келип сабак алгандар бар

Май 15th, 2018 | by Каныкей Бозгунова
Улукмырза Полотов: Менден Кытай, Америка, Россия, Түркиядан атайын келип сабак алгандар бар
биздин жолдор
0

«Биздин жолдордогу» жолугушуу бул ирет КРнын Эл артисти, 3-даражадагы «Манас» ордени жана «КРнын Ардактуу аксакалы» орденинин ээси, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын мугалими, профессор, өз заманында «булбулдардын устаты» аталган Улукмырза Полотов менен болду. Биз барган учурда Улукмырза агай иш ордунда, жаңы обондун үстүндө иштеп жаткан экен…


— Саламатсызбы! Ардактуу эс алууда экендигиңизге карабай азыркы учурда студенттерге сабак берип жүрөсүз. Алардан сырткары дагы сизден таалим алам дегендер азыр деле көп болсо керек?..

— Ооба, таалим алам дегендер көп. Азыр жалаң эле Кыргызстандан эмес, Кытай, Америка, Россия, Түркиядан атайын келишет. Сабак алып кетишип, өзүбүздө, Европа мамлекеттеринде иштеп жаткандары да бар. Ким кайрылса дагы мен баш тартпайм. Себеби, мени Кудай таланттууларды тарбиялаганга жаратса керек деп ойлоп коем.

 — Азыркы учурда элге төбөсү көрүнгөн көптөгөн мыкты ырчылар сиздин мектептен өткөндүгүн билебиз. Бекеринен «булбулдардын устаты» аталган жоксуз. Сиз үйрөтүп жаткан аваздык өнөрдүн сыры эмнеде?

— Негизи, мага сабак алам деп келген балдардан алгач «сени ата-энең жибердиби, же өзүңдүн каалооң менен келдиңби» деп сурайм. Себеби, адам өзү кааласа, андан бир нерсе чыгат. Эгер Кудай Таала талант берген болсо, ал эч убакта тынчтык бербейт. Ошондуктан, ал билим алууга далалаттанат, же башка тармакта иштесе дагы сөзсүз бир жерден талантынын пайдасы тиет деп ойлойм.

 — Башкалардан өзгөчөлөнгөн техника, ыкмаларыңыз барбы? Эмне себептен көпчүлүк таланттар сизден сабак алууну каалашат?

— Менимче үндү жалаң эле угуу эмес, аны көрүү керек. Анткени, үн тембринин өңү-түсү болот. Мен үн боюнча 10 жылдан ашык окудум, ошондуктан, мага келген адамдын үнү элге жагабы, анын келечеги бар экендигин көрө билем деп эсептейм. Мен сабак берген таланттардын бардыгы эле чоң сахнада жүрүшөт, ошол себептүү дагы мага көп кайрылышат го.

 — Сиздин колуңуздан чыккан ырчылардын сыртынан караганда кайсы бир деңгээлде окшоштуктары болобу? Же ар кимиси өз деңгээли, дараметине жараша алып кетеби ошол талантты?

— Аны «вокалдык линия» деп коет. Ошол нерсе булардыкы бирдей болот. Бирок, аны жөнөкөй киши уга албаса керек. Ошол эле учурда алардын аракети, эмгеги болсо, менден өткөн балдар жерде калбайт деп ойлойм. Жалкоолору дагы болот, алар ошол бойдон калып калышы мүмкүн. Мен бардыгына бирдей үйрөтөм. Таланттардын бардыгы өз максатына жетсе экен деп тилейм. Бирок, алар максатына өзүнүн аракети менен жетет.

 — Негизи 1 пайыз талант, калганы эмгектен деп коюшат го, бирок, мен ушул нерсеге көп кошула бербейм. Себеби, баары бир ичинде кайнап турган талант болбосо, анын өтөөсүнө чыга албайт го дейм да. Сиз буга кандай көз караштасыз?

— Албетте, эмгексиз талант эч убакта өөрчүбөйт. Чыгармачылыкта гана эмес, бардык иште эмгек керек. Муну мен ишенимдүү айта алам. Ошондуктан, «жумуштун энеси эмгек» деп айтылат да.

 — Өтө деле таланты жок, бирок, чоң кызыгуусу болсо, эмгектин аркасы менен андан бир нерсе чыгарууга болобу?

— Эгер, аябай чоң кызыгуусу болсо, андан сөзсүз чыгарууга болот. Анткени, ал бекеринен кызыкпайт. Бары келип эле кайра аракетке такалат. Кээде ачуум келип, «аюлар деле бийлегенге үйрөнүп жатпайбы» деп балдарды урушуп калам…

 — Сизге кайрылгандардын баарына эле көңүлүнө карап, мүмкүн тыйын-тыпырына карап сабак бере бересизби же дароо эле «сенден эч нерсе чыкпайт» деп айтканга туура келеби?

— Жок. «Сенден эч нерсе чыкпайт деп айткан кишинин тилин кесип алат элем» деп Абай Кунанбаев айткан экен. Мен биринчи ага мүмкүнчүлүк берем. Эгер колунан келбей турган болсо, өзү эле токтотуп коет. Бирок, андайлар боло элек. «Алгач 10-15 күн машыгып көр, анан өзүң жылыш бар же жок экенин сезесиң, баалайсың» деп айтып калам. Эч качан «сен жөн элек кой» деп айтпайм.

 — Өзүнүн талантын байкаган, ырчы болом деген адам алгачкы кадамын эмнеден баштоосу керек?

— Негизи кыргыз эли аябай таланттуу эл болот. Менин оюмча, ар бир айылда музыкалык класстарды ачып койсо эң жакшы болмок. Анткени, канчалаган таланттар ошол айылдарда жүрөт. Таланттуу адам биринчи кезекте нота таанып, окуш керек. Андан соң ага эмнеге шыгы болсо, ошого жараша багыт бериш керек. Маселен, опера ырчысы Жеңиш Ысманов деген жигит окууга тапшырганы келсе, аны чоор бөлүмүнө жиберишиптир. Бирок, мен анын үнүн угуп, дароо эле «консерваторияга барып, опералык бөлүмгө тапшыр» деп айттым. Ошол багытта окуп, азыркы учурда Италияда ишеп жүрөт. Демек, талантты көрө билип, туура багыт бериш керек. Туура жол көргөзө алган адам таланттардын багын ачат.

— Сизден окуган ырчылар азыр деле сабак алып кетишет турбайбы?..

— Ырчылар деле спортчулар сыяктуу машыгып турбаса болбойт, үндү дайыма ойготуп туруш керек. Чыгармачыл адам эч качан бийиктикке жетпейт, жеткен күндө деле андан бийигин каалай бересиң. Ошол бийиктиктерге жетүү үчүн дайыма машыгып туруу зарыл. Болот Миңжылкыев экөөбүз гостролдордо жүргөндө бир бөлмөдө жатып калчубуз. Алтургай, ошол киши дагы дайыма машыгып тураарын айтчу. Негизи, ырчыны атаң дагы, апаң дагы, тууган-уругуң дагы, керек болсо, жаныңдагы жубайың дагы түшүнбөшү мүмкүн. Бул өтө татаал нерсе. Ырчылар бош басып жүрсө деле кантип кооз ырдоо тууралуу ойлонот, дайыма кооздукту издеп жүрөбүз.

 — Өзүңүз бул чөйрөгө кандайча аралашып калдыңыз эле?

— Мен эч качан ырчы болом деп ойлогон эмесмин. Санабаркан деген карындашым мен аскерден келсем 10-классты бүтүп жаткан экен. Атам бизди «экөөң Фрунзеге барып окууга тапшыргыла, сен юрист болосуң, Санабарды тарых факультетине тапшыр» деди. Ошентип, Ошко келип экзамен тапшырдык. Экзаменди аябай жакшы бергем, бирок, Санабар өтүп, мен өтпөй калыптырмын. Көрсө, колхоздо иштеген эки жылдык стаж болуш керек экен. Тарых факультетине тапшыр дешти, бирок, мен каалаган жокмун. Атама окууга өтпөй калганымды айтсам, «иши кылса бир окууга тапшырып, карындашыңды кайтарып ошол жакта жүр» деп койду. Бул жакта окун жүргөн классташтарым бар эле. Алар мени «сен жакшы ырдайсың» деп М.Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайга ээрчитип барышты. Барып окуу жайдын директоруна кирсек, «кеч калдыңар, экзамен июнь айында тапшырылат» деди. Ошентип кетип баратсак, директор кайра чакыртып, «макул адистер угуп көрсүн» деп калды. Анан бир бөлмөгө алып кирип угуп, слухту текшерип, экзамендерди тапшыртып алып калган. Мындай учурлар көп болот. Чайковский дагы юрист болмок экен. Өтпөй калып, музыкага кеткендиги айтылып жүрөт.

 — Сиздердин убакта артист болот десе башкача көз карашта болушчу турбайбы. Сиздин музыка жаатына кеткениңизди угуп ата-энеңиз эмне деди?

— Эч нерсе деп деле унчуккан жок. Бирок, 1-курсту бүткөндөн кийин «дирижерлук факультетке которул» деди. Мен ичимден ырчы болгум келип, аларга айтпай эле окуп жүрө бердим. Кийин 1966-жылы Марин театрына «Манас» операсын коюп барганыбызда бизде сабак берген Марлен Темирбеков менен жакындан таанышып, «мен сизден сабак алгым келет, өзүңүзгө которуп албайсызбы» дедим. Фрунзеге келгенде ал кишиден сабак ала баштап, ошондон кийин менин үнүм ачыла баштады. Марлен агайым «сага Кудай өтө кооз үн белек кылган» деп айтып калчу.

 — Аваздык өнөрдүн устаты катары канча жылдан бери эмгектенип келесиз?

— 70-жылдарда баштагам. Мен музыкалык училищеде 4-курсту бүтүп жатканда жаңы уюшулган Искусство институтунун ректору Турсун Мусулманкулов жана кафедра башчысы Сайра Кийизбаева экөө келип бизден мамлекеттик экзамен кабыл алган. Ошондо алар «сиз эч жакка барбайсыз, бизден гана окуйсуз, окууга бүт шартты түзүп беребиз, Москва, Ленинградды ойлобоңуз, анан биз сиз менен сыймыктанабыз» деп айтышкан. Көрсө, музыкалык окуу жайды жалаң беш менен бүтүргөн мен эле экенмин. Ошентип, Искусство институтуна тапшырып окуп калдым. 2-курста окуп жүргөндө бир күнү ректор чакырып, мугалимдер жетишпегендиктен, сабак берип баштай турганымды айтты. Бир чети корктум, өзүм жаңы эле окуп баштасам, эмнени үйрөтөм деп ойлодум. Ошентип, 70-жылы педагогикалык ишмердүүлүгүм башталып, ошондон тарта үн коюу боюнча сабак берип келем.

 — Азыр улуттук колоритте ырдагандар аз. Деги эле улуттук кайрыктарыбыз жоголуп бара жаткандай… Ушул темпте улансак келечеги кандай болот? деген дагы суроо келбей койбойт. Бул үчүн кимге күнөө кое алабыз же себеби эмнеде?

— Абдан туура маселени айтып жатасың. Менден окуган балдардын бардыгы эле колоритти сактоого аракет кылат. Мисалы, Токтобек Асаналиев, Каныкей Раймалиева, Аскат Мусабеков, Анапия Райымбекова, филармониянын «Камбаркан», Эстебес Турсуналиев, Алымкул Үсөнбаев атындагы топтордо иштеген ырчылардын дээрлик бардыгы менин колуман чыккан. Элдик ыргакта ырдоону улантуу үчүн биз салттуу музыка, фольклор бөлүмүн ачканбыз. Азыр деле жаман деп айтууга болбойт. Бирок, илгерки Атай, Муса, Мыскал, Төлөш Турдалиев, Жапар Чабалдаев дегендердин ырдаганын түшүнө билгендер аз болуп жатат. Азыркы сабак берип жаткан жаш мугалимдер ошолордун кантип ырдагандыгын, ыргагын түшүнүп, ошого ыктаса, улуттук колорит жоголбойт деп айтсак болот. Ар бир талант өзүнө өзү жол издеп, чыйыр салыш керек. Бирөөнүн ырдап койгон ырын эле кайра ырдап жүргөндөрдү туура көрбөйм. Албетте, биздин искусствобуздун башаты болгон Атай, Муса, Мыскалдардын ырларын ырдайлы, бирок, өзүбүздүн дагы жолубуз болуш керек.

 — Ушул чыгармачылыктын аркасында өзүңүз үчүн эмне таптым же эмне жоготтум деп ойлойсуз?

— Менин аркамдан ээрчий турган, өнөрүмдү уланта турган, кыргыздын колоритин сактай турган уул-кыздарды, менден кийин дагы менин атымды өчүрбөй айтып жүрө турган бүтүндөй армия таптым деп айтсам болот. Келечекке бере турган нерсем ушул. Андан сырткары берилген наамдардын деле кереги жок экен да. «Аты улук, супарасы курук» деп айтылган сөз бар.

 — Чыгармачылык жолдон баш тартам деген ойлорго түрткөн жагдайлар болгон жокпу?

— Андайлар болгон, бардыгы түз болбойт да. Ал мени түшүнбөгөндүктөн деп ойлойм. Ошон үчүн айтпадымбы, чыгармачыл адамды, өзгөчө ырчыларды эч ким түшүнбөшү мүмкүн. Кудай эң жакшы көргөн пендесине талант ыйгарса керек деп өзүмдү алаксытам.

 — Ар бир адамдын баскан жолу ар кандай болот эмеспи. Сиздин басып өткөн өмүр жолуңузду сүрөттөй турган болсок даңгыр жолдордо көбүрөөк болдуңузбу же таштак жолдор көп кезиктиби?

— Мен чыгармачылык жолго сүңгүп кирген күндөн баштап таштак жолдор көбүрөөк болду. Ал эми, атым эл оозуна алынып, тааныла баштагандан баштап, даңгыр жолго түштүм десем болот. Бирок, жаш кезде көп кыйынчылыктарга кезиктим. Мени түшүнбөгөндөр көп болду да. Негизи мен опера ырчысы болушум керек эле. Эгер, Күлүпа Кондучалова эже болбогондо мен мүмкүн бул жолдон таптакыр кетип калат белем… Искусство инстутутунда 4-курста окуп жүргөндө эң жогорку деңгээлдеги Эл аралык конкурстун 3-даражадагы лауреаты болгом. Ошондон кийин ректор мени «Оштун маданиятын көтөр, ошол жакка бар» деди. Анын үстүнө опера театрында орун жок экен, Ошко кетейин деп Кондучаловага кирсем, «жок эч жакка кетпейсиң, сени 10 жыл окуттук, ырдашык керек, бир жылдай күтө тур» деди. Ошентип калып калгам. Түшүнбөгөн башка бирөө болсо, мени кетирип жибермек. Ал кишинин менден үмүтү чоң болсо керек, ошол үчүн алып калган. Антпегенде азыркы канчалаган ырчылар тарбияланбай калмак. Көралбастыктан дагы ар кандай жолдорго туш болосуң. Пендечилик да…

 — Азыр көбүрөөк артка кылчайып карап, арта калган мезгилде эмне жасадым, эмнеге жетиштим деп ойлонсоңуз керек? Ушул жашыңызда жашоонун маңызы эмнеде деп түшүндүңүз? Биз адамдар эмне максат менен жашайт экенбиз?

— Ооба, «мен ушул жашка чыкканча ушундай эмгек кылдым, ушуну кыйраттым» деп айтууга деле акым деле бар, бирок, мен элге кызмат кылдым, ушунча балдарды тарбиялаганыма сыймыктанам. Мен ыр, обон жазууну өтө кеч баштаптырмын. Ошентсе дагы 100дөн ашуун чыгармаларым «Алтын фонддо» сакталып калды. Биз кетебиз, алар дайыма жаңырат, жашай берет. Ушундай из калтыра алганыма мен өзүмдү бактылуумун деп айтсам болот. Бул ар бир эле адамдын колунан келе бербесе керек. Атайын өмүргө из калтырайын деп деле жашабайт экенсиң, бирок, биздин аркабызда жасаган эмгектерибизден адам баласына, элибизге керектүү из калып жатыптыр да көрсө…

Мен дагы мени жараткан атама, апама үнүм менен эстелик тургузсам деп ойлоп жүргөм. Бир күнү Гүлиза Талипова деген менин окуучум  «агай ушул ырга обон жазып берсеңиз» деп бир ырдын текстин көтөрүп келиптир. Карасам, мен издеген «атама, апама окшош айылымсың» деген мен издеген саптар бар экен. Бирок, ал ырды Токтобек Асаналиев үйрөнүп алып, биринчи ырдап чыкпадыбы.

 — Балалык күндөрүңүз көбүнесе эмнеден улам эске келет?

— Айта албайм. Мен азыр дагы жалаң жаш балдар менен иштегендиктен, өзүмдү кечээ эле туулгандай жаш бойдонмун деп ойлойм. Бирок, жылдар өтүп, өткөн жылдар көз ирмемдей болуп эле кала берет экен…

 — Сизге убактыңызды бөлүп кызыктуу маек куруп бергендигиңиз үчүн ыраазычылык билдирем!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache