Шашылыш кабар:

Ала-Букада алтын кенинен чыккан булганыч суулар токтотулду

Май 14th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Ала-Букада алтын кенинен чыккан булганыч суулар токтотулду
Коом
0

Интернет булактарында Ала-Бука районундагы алтын кен иштеген жерден булганыч суу дарыяга кошулуп жатканы боюнча видео жарыяланган. Видеону чыгаргандар булганган сууда химиялык заттар бар экенин айтып, бирок канчалык деңгээлде уулуу экенин толук билбей жатканын айтышкан. Андан кийин жергиликтүү бийлик жана Экотехинспекциянын кызматкерлери барып, кошулуп жаткан булганыч сууга чара көрүшкөн.


Ала-Бука районунда алтын кенин иштетип жаткан Чаткал-17 компаниясы таза сууга химиялык уулу заттарды кошуп жатат. Бул тууралуу видео фейсбук социалдык тармагына жарыяланды. Аны Баян Бий аттуу колдонуучу жүктөгөн.

Видеодо булганыч суунун дарыяга кошулуп жатканын көрүүгө болот.

Бул жерде Чаткал-17 компаниясы алтын кенин иштетет. Жанында чоң дарыя агып жатат. Ишканадан чыккан булганыч суулар дарыяга кошулуп агып кетүүдө. Азыр биз келгенде насос менен иштеп жатат эле. Бизди көрүп токтотуп койду.

Видео интернетте талкууга алынган соң жергиликтүү бийлик менен Экологиялык техникалык коопсуздук инпекциясынын өкүлдөрү барып, абал менен таанышышкан. Бул тууралуу Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Бул боюнча экотехинспекциясынын кызматкерлери жана видеого тарткан жарандар менен  алтын кенге барып, акты түзүлдү. Ошол кезде булганыч суунун кошулуп жатканы токтотулду. Ал жөнөкөй эле шагылды алгандан кийинки булганган суу.

Жалал-Абад облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Мамасалы Акматов облуста иштетилип жаткан алтын кен ишканаларынын баары Экологиялык техникалык коопсуздук инспекциядан текшерүүдөн өткөн дейт.

Анын айтымында, айрым жарандар алтын кенди иштетүүгө уруксат алган компанияларга тоскоол болуу үчүн, бирөөлөрдү жалдап жамандап чыгышууда.

Буга чейин да жергиликтүү эл сууга химиялык заттарды куюп жатат деп митингге чыгышкан. Анан биз адисттерди алып барып, элге зыяндуу заттар кошулбай турганын көрсөткөнбүз. Алтын кенден суу чыгат, бирок зыянсыз суулар агызылат. Мында бирөөлөр үгүттөп коюп, кен иштеткен компаниянын ишине тоскоолдук кылышат. 

Бүгүнкү күндө Ала-Букадагы алтын кени чыга турган жер толук кандуу ишке кире элек. Аны Чаткал-17 компаниясы иштетүүгө уруксат алган. Аталган фирманы кытайлар иштетет.

Ушул тапта Ала-Бука районунда лицензиянын негизинде 7 компания кен казуу иштерин алып барат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache