Шашылыш кабар:

Энергетикадагы коррупция Коопсуздук кеӊешинде каралат

Энергетикадагы коррупция Коопсуздук кеӊешинде каралат
Экономика
0

Кыргызстандын энергетика тармагындагы маселелер Коопсуздук кеӊешинин жыйынында каралат.

«Энергетикага салынган акчадан пайда жок»

11-майдагы өкмөт жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткаруу бийлигинин 2017-2018-жылдарга болгон кышка даярдыгын сындады. Тиешелүү мекеме жетекчилери «өлкө кышка толук кандуу даяр» деген менен Бишкек жылуулук электр борборунда катталган кырсык алардын абийирин ачканын айтты. Жалпы эле энерегетика системасына токтолуп, бул тармакка бөлүнүп жаткан каражат менен анын жыйынтыгы тууралуу буларды белгиледи.

— Эл аралык финансылык институттар тарабынан бөлүнүп жаткан каражаттардын үчтөн бир бөлүгү энергетика тармагына жумшалыптыр. Бул тармакты каржылоону жылдан-жылга көбөйтүү менен модернизациялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Азыркы күндө жалпы энергосекторго 99,7 млрд сом акча каражаты тартылган. Бирок бүгүнкү күндөгү энергосектордогу абал бул тармакка салынган каражаттын сарамжалдуу пайдаланылып жатканында коомчулуктун күмөнү бар. Себеби модернизация жана реконструкция болуп жаткан иштер канаттандырарлык натыйжа бербей жатканын баарыбыз сезип жатабыз.

Кышка болгон камылга жайында көрүлмөй болду

Кыргызстан тыштан алган карыздардын негизги бөлүгүн жол курууга андан кийин эле энергетика тармагына жумшайт. Энергетика системасына оӊбогондой каражаттар салынганы менен өлкө өндүргөн электр жарыгы дагы деле көбөйө элек деген сын-дооматтар көп айтылат. Өкмөт башчы жыйында бул сөздөрдү моюндады. Ошондой эле 2018-2019-жылдарга болгон кышка даярдыкты жай айынан баштоону тапшырды. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчиси Уланбек Рыскулов Токтогул суу сактагынчындагы суунун көлөмү тууралуу маалымат берди.

— 2018-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,4 млрд метр кубду түзсө, ал эми 2017-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,6 млрд метр кубду түзгөн. Суунун бул көлөмүнүн толушу ыңгайлуу климаттык шарттардын жана өлкөдө кабыл алынган тарифтик саясаттын натыйжасында жетишилген. Токтогул суу сактагычынын жаңыланган иштөө режиминин эсебине жана 2018-жылга карата электр энергиясынын балансына ылайык, 2018-жылдын 1-октябрына карата күтүлгөн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,42 млрд метр кубду түзөт. Белгилей кетсек, бул иштөө режими электр энергиясын экспорттоону эске алуу менен эсептелген.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчиси Уланбек Рыскулов

Абылгазиев Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо аяктап, Ат-Башы, Үч-Коргон баш болгон беш ГЭС реконструкцияланып, Токтогул ГЭСи толук оӊдолорун айтты. Эгер бул иштер аткарылса энерго кубаттуулук 703 МВт көбөйөт деп ишендирди. Ишине кайдыгер мамиле жасаган кызматкерлер менен өкмөт иштеше албай турганын белгиледи. «Алдыдагы 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүүдө быйылкыдай шалаакылыктарга жол берилбейт», — деди Абылгазиев. Анткен менен Экотехинспекциянын директору Канатбек Муратбеков кышка даярдыкты текшерүүдө инспекциянын ыйгарым укугу чектелип калганын айтууда.

— Бүгүнкү күндө биз Бишкек ЖЭБин текшерип жатабыз. Бирок кышка даярдык мезгилине келгенде текшере албай калуудабыз. Анткени мыйзам жол бербейт. Бизде жок дегенде кышка даярдык убагында ЖЭБдерди жана региондордогу от казандарын өз убагында текшерип, көзөмөлдөп туруу боюнча мыйзам долбоору даяр. Жогорку Кеӊеш менен дагы сүйлөшүүлөр болду. Биз бул жаатта саясат жүргүзө албайбыз. Ошондуктан Экономика министрлиги жардам берсе.

Аткаруу бийлигинин жыйыны 11-май, 2018-жыл

Тариф саясаты боюнча өкмөттүн туруму

Өкмөт башчы «СASA-1000» долбоорунун алкагында 500 кВ, «Датка» подстанциясынан Тажикстандагы «Сугд-500» подстанциясына чейин 477 км узундуктагы электр берүү линияларын куруу башталарын кабарлады. Ошондой эле «СASA-1000» долбоору боюнча Кыргызстан өзүнө жүктөлгөн милдетти аткарбаса айыпка жыгыларын дагы эскертти. Аны менен катар жарыкка болгон тариф маселеси дагы көтөрүлдү. Абылгазиев «энергетикада ачыктык болмоюнча тарифти көтөрүү тууралуу сөз болбошу керек» деп так кесе айтты жана энергетика маселеси Коопсуздук кеӊешинде караларын ачыктады.

— Энергетика компанияларынын өндүрүштүк иштери жетишсиз каржыланышына «тарифтик саясатты мамлекеттик жөнгө салуу себеп болуп жатат» деген туура эмес. Жетекчилер тарифти кымбаттатууну талап кылгандан мурда өздөрү энергетика системасындагы коррупцияны жоюуга чындап күрөшүүсү керек.  Ушул жылдын 2-кварталында президентибиздин жетекчилиги менен Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот, мына ошондо энергетика тармагындагы коопсуздукту камсыздоо маселесин кароо пландаштырылып жатат. Өнөр жай, энергетика комитети энергетика тармагындагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча планын аткаруу үчүн катуу чараларды көрсүн.

Өкмөт жыйында жылуулук жана электр тармактарында кандайдыр бир авариялар катталса эле, аны чечүүнүн жолу катары «тарифтерди кымбаттатуу», же «аба ырайы күнөөлүү» деген сыяктуу шылтоолорду тактотууну талап кылды. Ошондой эле Улуттук энергетикалык программаны иштеп чыгуу, энергетика тармагындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүүнү, инвестиция тартууну жакшыртуу тапшырылды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache