Шашылыш кабар:

Малайзиянын экс-премьер министрине өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Малайзиянын экс-премьер министрине өлкөдөн чыгууга тыюу салынды
Дүйнө кабарлары
0

Малайзия бийлиги экс-премьер-министр Наджиб Разакты өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Малайзиянын иммиграциялык башкармалыгына шилтеме берип жазып чыгышты.

Наджиб Разак жана анын жубайы өлкөдөн чыгууга тыюу салынган жарандардын тизмесине киргизилди.

Буга чейин Reuters агенттиги 9-майда өткөн шайлоодон кийин Наджиб жубайы менен Индонезияга кетүүнү пландап  жатканын айткан.

Эскерте кетсек, Малайзиядагы парламенттик шайлоодо ардагер саясатчы Махатхир Мухамаддын оппозициялык биримдиги жеңген. Эгемендик алган 1957-жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан бийликтеги коалиция үчүн бул чоң сокку болду.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache