Биз менен байланышыңыз

Жанболотов: Бишкекте 2021-жылы эстакадалык көпүрө курулат

Пикирлер | 19 Окт 2018 | 810 | 0

2019-жылы 60 көчөдө жолдорду оңдоо иштери пландалууда. Курулуш иштеринин тең жарымы жаңы конуштарда болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыжапаркул Жанболотов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин жолдорду 2 долбоордун негизинде калыбына келтирилүүдө. 2015-жылы Кытай 1 млрд юань грант берүү боюнча келишимге кол койгон. Ал каражат 3 фазага бөлүнгөн. Анын биричисинде 49 көчөдө оңдоо иштери жүрүп, 96 чакырымдык жол калыбына келтирилген.

«47 көчөдө жумуштар толук бүттү. Калган 2 көчө кийинки жылга калтырылды. Жол катмарларын калыбына келтирүүдө каралган 23 көчөнүн 17синде жумуштар бүттү. Кийинки жылы 60 көчө долбоордун экинчи фазанын алкагында ондолот. Бишкектин бюджетинен кичи жолдор салынууда. Бул багытта «Бишкек асфальт сервис» ишканасына жыл сайын атайын каражат бөлүнөт», — дейт Жанболотов.

Ал белгилегендей, Кытайдын комиссиясы грантты, ошондой эле салынган жолдордун сапатын текшерип турат. Каражаттар тротуар, арыктарды курууга эмес жол үчүн гана каралган.

«Бишкекте 1500 км жол бар. Кытайдын бекер грантын албасак, жолдорду өз каражатыбызга сала албайбыз. Алар жол кыртышын жаңылоого гана каражат бөлөт. Бирок тротуарлар үчүн Бишкек шаадык бюджеттин эсебинен акча бөлүнө баштады», — дейт Жанболотов.

Ал маалымдагандай, Кытай грантынын 3-фазасы эстакадалык көпүрө курууга жумшалат. Учурда бул боюнча долбоорлор даярдалып жатат. Ал 2021-жылы ишке ашат.

 

Copyright © 2017 Maral FM