Шашылыш кабар:

Турсунбек Акун: Чыныгы укук коргоочу – эң кедей адам

Турсунбек Акун: Чыныгы укук коргоочу – эң кедей адам
кечээ. бүгүн. эртең
0

«Марал» радиосунун “Кечээ. Бүгүн. Эртең” программасынын бул жолку чыгарылышында укук коргоочу, Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун менен саясаттын талылуу маселелери тууралуу маек курдук. Уктурууну Майраш Базлакунова алып барды.

— Саламатсызбы, Турсукбек мырза? Учурда расмий түрдө чоң кызматта турбасаңыз да, өзүңүздүн саясаттан алыстабай жүргөндүгүңүздү маал-маалы менен билдире калчу адатыңыз бар экенин досторуңуз тамаша кылып айтып жүрүшөт. Бирок азыркы президент тууралуу пикириңизди айта элексиз, же азыр адбан катуу байкоо жүргүзүп жатасызбы?

— Өлкө башчы жөнүндө пикиримди байма-бай айтып келе жатам. Сооронбай Жээнбеков менен студент кезде бирге окуп, чогуу жүргөнбүз. Аны 17-18 жаш кезинен бери билем. Жээнбековдун таза жактары бар. Ал — айкөл, достукка бекем, “мамлекет” дегенде ичкен ашын жерге койгон улуу инсандардын бири.

— Экс-президент менен өлкө башчынын ортосунда мамиле ушул жагдайга келет деп ойлодуңуз беле? Дегеним, сиз Атамбаевдин жанында көп иштеп жүрдүңүз, ал кишинин бизге белгилүү дагы, белгисиз дагы жактарын билсеңиз керек…

— Мен окуянын мындай тез өнүгүп кетээрин күткөн эмесмин. Эки, үч жылдан кийин ушундай чыңалуу болсо керек деген ойдо элем. Тилекке каршы, чыңалуу тез болуп кетти. Атамбаевдин да эмгени көп, аны айтып жатабыз. Ал кишинин сыр жашыра албай, бардык нерсени ачык айтып салганынан болду. Жээнбеков жөнүндө мурда өзүнө айткан сын-пикирлердин барын коомчулукка жар салып салды. “Раим миллион” (Раимбек Матраимов), ЖЭБ боюнча күнөөнүн баарын Жээнбековго оодарып салды. Бирок “Раим миллион”, өзүн Жээнбеков эмес, экс-президент, Илмиянов жана башкалар кызматка койгонун ачык айтып чыкты. Депутаттар, өлкө башчынын ЖЭБге тиешеси жоктугун, ачылышында болбогонун далилдер менен айтып чыгышты. Ошол эле оппозициядагы Эдил Байсалов да айтып жатат. Жакында парламентте отурган чоң саясатчылардын бирине кирип чыктым, атын айтпай эле коёюн. Президентке каттарын жазып айттырганбы айтор, “сиз туура эмес жазып жатасыз, бул жерде Жээнбеков жөнүндө күнөө жок” деп, ачык эле айткан экен. Атамбаев Жээнбековду күнөөлөп чоң ката кетирип алды. Ал эми Жээнбековдун аны менен айтышпай, эмгегин сыйлап койгону жакшы болду.

— Мурунку президенттин айткан сөздөрү же азыркы ажого карата мамилесинде анын өзүнүн аракети болдубу же айланасындагы команданын сөзү ойноп кеттиби?

—  Командасынын таасири күчөп кетти. Ал жерде бир, эки адам бар, мен аттарын атабай эле коёюн коомчулук да билет. Ошолор интирга кылып, туура эмес документтерди Жээнбековдун папкасына коюп коюптур дешти. Ал документтерди интрига кылган, айткан кишилер коюп жаткан да. Бул боюнча президенттип аппараты менен сүйлөштүм, президенттин папкасына аппараттагы адамдар койгон эмес. Коопсуздук кеңешин өткөрүүдөгү папкага аппарат жетекчисинен башка эч ким жолой албайт. Ал кезде аппарат жетечиси ким болгону белгилүү. Алмазбек Атамбаев ишенчээк, жүрөгү таза бирок ачуусу чукул адам. Темир Сариев айткандай, кетирген кемчилигин тезирээк түшүнүп калат да, өкүнүп калат. Азыр да өкүнүп жатса керек.

— Айтсаңыз, бул мамиле ушуну менен эле токтоп калабы же Атамбаев чоң саясаттын планын иштеп жатабы?

— Бизде 3-4 эксперттер бар. Алардын айтканына караганда Атамбаевдин “Мурси” деген планы бар экен. Алдын ала айтуу туура эмес. Атамбаев Жээнбековду президентикке алып келүүдө күч жумшады, анын азыркы президент жөнүндө жаман ою болбосо керек. Жээнбеков экс-президент койгон кадрлардын татыксыздарын кызматтан кетирүү менен Атамбаевдин аброюн көтөрүп жатат. Жээнбеков жолдоштукка бекем, андыктан Атамбаевге эч кандай жамандык кылбайт. Акаев менен кармашып жаткан учурларымда Жээнбеков чоң кызматта турганына карабай мени менен мамилесин үзбөй жүрдү.

— Андай болсо эмне үчүн президенттик жарышта өзүңүздүн талапкерилигиңизди койдуңуз дагы азыркы ажону колдогон жоксуз?

— Тилекке каршы сизде маалымат жок болуп жатат. Биринчиден, мен атайын колдоп чыктым. Мен президенттикке талапкерлигимди койгонум менен жетиштүү кол топтой алган жокмун. Талапкерлигиңди койгондон кийин үнүң өктөмүрөөк чыгат. Өзүм өтпөгөнүм менен Жээнбековду колдоп, Бабанов сыяктууларды катуу сындап, колумдан келишинче аракет кылдым. Мен колдобосом да Жээнбеков утуп чыкмак, бирок мен чын жүрөктөн, эч нерсе күтпөй колдоп бердим. Жээнбековду тазалыгы үчүн колодум. Ө.Текебаев камалып калса, Ө.Бабановду колдомок белем.

— Кызматтан кеткен соң Атамбаев менен жеке жолугушуп же кабыл алуусунда болдуңузбу?

— Кызматтан кеткен соң Атамбаев менен жолугушкан жокмун. Жолугушалы деп өтүндүм деп, бирок кабыл алгысы келген жок.

— Жолугушсаңыз эмне жөнүндө сүйлөшмөксүз, кызмат боюнчабы же коомдун өнүгүшү же башка саясий кырдаалбы?

— Кызмат боюнча сүйлөшөйүн деген эмесмин. Жолуксам, Конституциялык реформа туура эмес болгонун, Убактылуу өкмөт мүчөлөлүрү менен  кармашууга баруунун кереги жок экенин айтмакмын. Атамбаев Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп, Текебаев, Отунбаева, Каптагаевдер менен чогуу жүргөн. Бул өкмөттүн мүчөлөрү тарыхый эмгек сиңерди. Чогуу келген команда бирге жүрсө жакшы болот деген ойду айтмакмын. Текебаев менен Атамбаевди элдешүүгө чакырсам көнбөй койгон. Көп жолу чакырсам да эки тарап тең макул болбой коюшту. Эгер экөө ынтымактуу болгондо баары жакшы болмок, эл арасында сөз болуп, командага бөлүнбөй өлкөбүз тынч болмок.

— Укук коргоочу катары, “кимдин укугу бузулса, мен ошол жердемин” деп айтып келесиз. Азыр камакта жаткан саясатчылардын ал-абалын сурап келесизби? Өмүрбек Текебаев менен болгон мамилеңиз жакшы экенин билем…

— Текебаевдин үй-бүлөсү менен байланышып турам. Абакка киргизбей жатышат. Камера койгон убакта жолугууга болбойт. Камера коюу өзү туура эмес, адамдын укугун чектегендик. Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыровду коргоо боюнча өзүмдүн пикиримди айттым. Дастан Сарыгуловду, Садыр Жапаровду да туура эмес камашты. Булар саясий буйрук менен камалгандар, алар ичип-жеп албаса, мамлекетке зыян келитишпесе… Укук коргоочулардын пикирин кээде укса, айрым учурда угушпайт.

— Саясий куугунтук менен камалгандардын иштерине президент оң мамиле салышы мүмкүнбү? Анткени алар, кайрадан иштерин тергесин, соттун чечимдерин карап чыгыш керек деген маселени байма-бай көтөрө баштады…

— Баардык ишти жөнгө салыш үчүн Жээнбековго бир жылдай убакыт керек. Кыска аралыкта адам укугуна байланыштуу көп иштер жасалды. Жээнбековдун журналисттерге карата доо арызын кайра алып койгону – гумандуулук. Булардын баары мисал боло алат. “Ата-Мекен” баштап баштарын көтөрүшүп, Ө.Бабановдун, Ө.Текебаевдин, С.Жапаровдун ишин кайра караш керек деген сөздөрдү айта баштады. ЖМКлар “Белизгейт” боюнча А.Сегизбаевге иш козголсун” деп көтөрүп жатышат. Мурда мени сындашса, азыр эми оппозициянын баары президентти колдоп жатат. Анткени ал ыраатуу иш алып барууда. Анын жакшы жери шашпай, кылдат, убакытты күтүп, аяр иш кылат. Бирок бара-бара Текебаев баштаган саясатчылар чыгышы керек. Алар саясий буйрук менен кесилгенин элдин бары билип калды.

— Демек, бул кайрадан иликтөөгө алынышы керекпи?

— Азырынча бираз убакыт керек. Ал үчүн коомдук пикир кайрадан жанданышы зарыл. Саясий күчтөр да тирешип жатат, мындай кырдаал маселени бир топ курчутат.

— Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кеткени боюнча маселе кайрадан көтөрүлө баштады. “Батукаев жакында өлөт” деп айта берип, ЖКда бул маселе кызуу жаратканда сиздин “макулдугун берели, чыны менен оорукчан экен” деп айтканыңыз эсибизде. Өзүңуздүн миссияңызды аткардыңызбы же сизге дагы бийлик тарабынан кысым болду беле?

— Батукаев меселеси боюнча мага эч ким кайрылган эмес. Укук коргоочу катары өз абийирим, тандоом менен аракеттерди көрүп келе жатам. Жалгыз эле Батукаев эмес, ага чейин дагы өлүм алдында жаткан 24 адамдын төрөөн камактан чыгаруу боюнча чечим чыккан. Анткени кургак учук менен катуу ооруп, баспай калгандар үйлөрүнө чыгарылганы жакшы. Батукаевдин маселеси боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги, эксперттер атайын диагноз коюшту. Ак кан менен ооругандар 3 күн эмес, үч саатка жетпей да өлүп калышы мүмкүн. Соттолгондордун укугун коргоо боюнча эл аралык конвенциянын 166-беренесинде соттолгондорго “өлүм алдында” деген диагноз коюлса, гумандуулук кылып туугандарына берип коюш керектиги жазылган. Эгерде мен жөнөкөй жаран болсом Батукаевди колдомок эмесмин. Ал кыргызга каршы иш жасап жүрсө. Бирок акыйкатчы катары ошол конвенцияны негизге алып, өз оюмду айттым.

Башка саясий өңүт бар деген ой жадыңызга келген жокпу?

— Аны мен биринчи айттым. Кийин президент аппаратынан өтүнүч болду. Батукаев чыгып кеткенин да укпаптырмын. Президент аппаратынан Батукаевдин кеткени боюнча пикир билдирип коюшумду өтүнгөн. Мен да коюлган диагнозго таянып айтып койгом.

— Макул, ал кезде билбептирсиз, бирок азыр өткөн-кеткенге баам салып турганда чындыгында саясат же башка жагдайлар ойноп кеткендигин айта аласызбы? Кимдин күнөөсү бар азыр?

— Азыр Кулов, Атамбаевдин айтканы боюнча өзүнө Атаханов келгенин белгилеп жатат. Кулов: “Атаханов, Батукаевди чыгарып коюңуз деген мааниде келген, мен макулдугумду бергем”,- дейт. Эмне үчүн парламентте ошол кезде айтып чыкпайт? Убагында айтса жагдай башкача болмок. Андан сырткары Аида Салянова Башкы прокурорлук кызматта турганда Батукаевге адвокат болуп жүрдү. Азыр эми кесилип жатат, ошол кезде бийликтин камчысын чаап жүрбөдү беле.

— Сиз ошол ойлоруңузду эмне үчүн Атамбаев бийликте турганда айткан жоксуз?

— Мен айттым. Ал кезде бийлик кандайдыр бир деңгээлде кийлигишпесе мындай чоң операция ишке ашмак эмес.

Бийлик дегенде ким?

— Сот бийлиги. Сотту Эрматов чыгарган. Эгер туура эмес чечим чыгарды деп айтса анда Эрматов камалып, жок дегенде кызматтан кетмек. Ал соттон сотко, кызматка көтөрүлуп жатат. Булардын бары Батукаевге кызыл килем салып, күзөтүп койгондор. Диагнозду Саламаттыкты сактоо министрлиги коюп жатса… Жогорку Кеңеш күнөөлүү деп тапкан 22 адамдын ичинен бир эле мен кызматтан кеттим. Анткени мен ачык айтып чыктым. Диагноз туура эмес коюлганын кийин билип калдым. Кайра он күндөн кийин туура эмес айтып алганымды айтып чыктым.

— Сиздин оюңуз боюнча ушул маселе кайрадан каралышы керекпи?

— Мен ал жөнүндө айта албайм. Убагында каралбаган нерсе эми каралаарына күмөнүм бар. Эгер каралып калса, ким күнөөлүү экени ачыкка чыгат. Мен өз милдетимди аткардым, каралгандан коркпойм. Ар дайым өз пикиримди ачык айтып жүрөм. Бийлик кеткен соң баш көтөрүп оюн айта калуу туура эмес.

— Турсунбек мырза, сиз көп саясатчыларды жыктыра бербешиңизди билем. Саясат талдоочулардын эксперттик көз караштарына ынынбаганыңызданбы же саясат тууралуу көз карашыңызды алардыкынан жогору баалайсызбы?

— Жогору баалайм деп айта албайм, ага эл баасын берет. Бирок саясат талдоочу деген ат менен жүргөндөр күн сайын сыналгыдан чыгышат. Алар кеме куруу, математика тууралуу сөз болсо деле сүйлөй беришет. “Мен бул боюнча билбейм, бул тармак мага тиешелүү эмес” деп айткандын ордуна эптеп сүйлөй беришет. Бул туура эмес. Ошондой талдоочуларга кантип ишенүүгө болот? Китеп окушпайт, деңгээлдери төмөн, мындан 15 жыл мурда кандай сүйлөп жүрүшсө, азыр да ошол бойдон. Кечирип койгула, уялышпайт. Мен деле талдоочу болуп алсам болот, бирок абийирим жол бербейт. Бирөө бийликке жалынып, экинчиси эл аралык уюмдардан грант алып оокатын кылып келе жатат. Ким көбүрөөк төлөсө ошолор менен иштешкендер талдоочу эмес.

Акыйкатчы катары көп жыл иштедиңиз. Сиз айткандай, кандай иштегениңизди коомчулук өзү баалайт. Кесипкөйлүк жагынан алганда сизден кийинки акыйкатчылардын кимисинин ишин баалайт элеңиз?

— Турсунбай Бакир уулу тууралуу айтпай эле коёюн. Бакыт Аманбаев көрүнгөн менен соттошуп, оппозиция болуп алды. Акыйкатчы бийликке жакын болсо күйүп, алыс болсо тоңуп калат. Бийлик Аманбаевди тондуруп, эч ким аны менен сүйлөшпөй койду. Бирок ошентсе да аракети бар эле. Ал эми Кубат Оторбаев көкөлөп турган Омбудсмен институн өлтүрдү. Бардык жерге адистер келиши керек. Анын үстүнө Акыйкачы институту бош турган адамды кызматка коё турчу институт эмес. Оторбаев 2 жылдан бери докладын бере албай жатат. Же депутаттар укпаса, же президент укпаса кайдагы акыйкатчы?

— Бир кезде эл өкүлдөрү “эгер Обдудсмен институнун иши майнаптуу болбосо Кыргызстанга канчалык деңгээлде зарылчылыгы бар?” деп көтөрүп жүрүштү. Экинчиден бюджеттин эң чоң каражаты аталган институтка сарпталып жатпайбы…

— Биринчиден каражат чоң деп айта албайм. Мисалы, Экономика министрлигине бөлүнгөн каражатка салыштырмалуу айырмасы бар. Акыйкатчынын милдети адам укугу тебеленсе убагында “каламды”, “сабалды”, “уурдалды” деп коңгуроо кагуу гана. Ошону да аткарбай жатат. Калп эле чет өлкөлөргө чыгып, конференция өткөрүмүш болуп калат.

— Жеке өзүңүз жолугуп көрдүңүзбү?

— Бир эмес, эки жолу айттым. Кубат, институтту өлтүрдүң, дедим. Кубат минимстрлердин орун басарларын кабыл албайт экен. Аларды адам катары көрбөсө башканы айтпай эле коёлу… Оторбаев, Ысык-Көлдүн жээгине бир конференция өткөрө албай жатат. Болбосо, мурда Кыргызстан Борбор Азияда акыйкатчылардын борбору катары эсептелип калган эле. Азыр жок.

— Өз алдыңызча Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгрессин түзүп алдыңыз. Катуу айтсам кечирип коюңуз, кызмат жок жүргөн кездеги аракетиңиз болуп жатабы же конгрестин реалдуу жасап жаткан иши барбы? Аны ким каржылайт?

— Биринчиден “Евразия” фонду каржылайт. Биздин идеабызды колдоп, жардам берген демөөрчүлөр бар. Негизи конгресс 1993-жылы Кыргызстанда түзүлгөн. Мен акыйкатчы болгондон соң казактар алды. Алар иштете албай, мен кызматтан кеткенден кийин 2014-жылы Астанага чакырып, мени кайра шайлап алышты. Азыр иштеп жатабыз. Арыздар менен иштешип, өкмөт, президент апаараты менен кызматташабыз. Казакстан, Орусия, Өзбекстанда камалган балдарды чыгарып келдик.

— Эгерде укук коргоочу босоңуз кайсыл кызмат колуңуздан келмек?

— Мен саясатчы эмесмин. Укук коргоочу болуп иштей берем. Акыйкатчыга, өкмөткө кайрылып маселесин чече албагандар да келет. Премьер-министр, президентке колдон келген жардамыбызды берип, бири-бирибизди толуктап иштесек деген ойдобуз.

— Бир кезде “коррупцияга малынгандардын тизмесин түзүү күлкү келээрлик” деп айттыңыз эле. Коррупция менен күрөшүүгө өзүнчө рецепт сунуш кыла аласызбы?

— Мен люстрацияны колдойм, бирок адам укуктарын коргоо шарты менен. Адамдын күнөлүү же таза экенин сот гана аныктай алат. Башка бирөөнүн күнөөлөгөнү жөн гана жалаа жабуу болуп калат. Соттордун да аброю керек. Элге каршы, мыйзамсыз иштеген сотторду алып чыкса мен аларды колдойм.

— Соттор канчалык деңгээлде таза, адилеттүү, акыйкат иштеп жатышат?

— Соттордун арасында таза иштегендер көп. Алардын баарын каралап салуу болбойт. Алардын канча пайызы акыйкат иштегенин айткандын өзү соттордун укугун тебелегендик болуп эсептелет. 70 пайыз жаңы сотторду алып келсе да, пара менен кармалып жатышат. Мамлекеттик кызматта иштегендерге караганда булардын айлыктары жакшы. Андыктан пара албай коюшса болмок.

— Анда системалык өзгөрүү керекпи же тазалоо жүргүзүү зарылбы?

— Биринчиден, соттор боюнча улуттук концепция керек. Окуу жайлардын ролун көтөрүү зарыл. Азыр көпчүлүк акча менен бүтүп калды. Университетти кызыл диплом менен бүткөндөр да “3кө” билишет. Сот болуп, ак иштейм болом дегендерди студенттердин арасынан ири комиссия тандашы кажет. Сот болчу балдарды окутууга мамлекет да кызыктар болушу шарт.

— Бардык укук коргоочулар менен мамилеңиз түзүкпү?

— Баары менен эле жакшы. Укук коргоочу катары Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдырасулова сыяктуулар таза иштедик. Бир жактуулукка жол берген жокпуз. Жаш укук коргоочулар маселени бар жактуу коюп жатат. Алар койгон айрым маселелер туура. Бирок делил жок бир жактуу күнөөлөп жатышат. Укук коргоочу болгон соң факты менен иштеш керек. Булар укук коргоочулуктун аброюна шек келтирүүдө. Укук коргоочу саясатка, саясатчы укук коргоочулукка аралашоосу кажет. Бир убакта эки кызматта турган жеңил эмес. Бир, эки гана адам аткара албаса оор болот.

— Сиз аны аткара алган жоксузбу? 

— Мен аткара албадым деп айта албайм. Саясатта укук коргоочу катары жүрөм.

— Аксы, июнь окуяларында бир топ саясатчылар менен оор кырдаалда чогуу жүрдүңүз. Ошол кездеги жылуу мамилени сактап калдыңыздарбы же кийин саясатка аралашып мамилелер бузулдубу?

— Мамилелерди татынакай сактап калдык. Аксы окуясында чогуу болгон Темир Сариев премьер-министр болду. А.Бекназаров да жүрөт. А. Мадумаровду саясатчы катары сыйлайм, бирок кемчиликтери да бар.

— Алар сиздин оюңуз менен эсептешеби?

— Эсептешеби жокпу, биз пикирибизди айтышыбыз керек. Атамбаев, бийликтин өкүлдөрү да оюн айтып жатат. Бул коомдук пикирди түзө берет.

— Укук коргоочу катары байлык топтоп, тың жашоого болот бекен?

— Чыныгы укук коргоочу – эң кедей адам. Кыйналып жүргөн адамдардын катарында биз барбыз. Байлыкты салыштырганда эң кедейи менмин. Дүкөнүм жок, татынакай жүрүп, тынч уктайм. Бирок күндөлүк турмушта кыйналат экенсиң, үй-бүлөңдү дарылатасың, балдар окушу керек дегендей. Мен өзүм да, үй-бүлөмдү да курортко алып барып эс алдыра алган жокмун. Үй-бүлөмдү жакшыраак дарылата да албадым. Бирок эл, “Турсунбек Батукаевден алган акча менен телегейи тегиз жүрөт” деп ойлойт. Ойлой беришсин, мен актангым келбейт. Жүзүм жарык, мамлекеттин казынасына бир тыйын да зыян келтирген жокмун. Канчалаган саясатчылар камалып, жаман атты болуп жатат. Мен жөнүндө айтыштыбы? Эгер туура эмес иш жасасам кызматтан кеткенде да артымдан бир нерсе чыгат эле.

— Китеп жазып, аны интернет булактарына таратып жатканыңызды билебиз. Муну китеп кылып чыгарайын деп жатасызбы же дагы эле каражат жок болуп жатабы?

— Аны чыгарабыз. Фейсбук социалдык баракчасы аркылуу да таратып жатабыз. Менин балалыгым, саясат жөнүндө өзүнчө китеп жазылып жатат. Убакыт өтүп, ден соолук кете берет экен. Маалымат, күч бар кезинде китеп жазууну туура көрдүм. Тааныштар бар, каражат табылат. Китеп чыкса бет ачаарын кылам.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache