Шашылыш кабар:

Үметалиев: Бизнести энемдин пенсиясынын 1/3 бөлүгү менен баштагам

Үметалиев: Бизнести энемдин пенсиясынын 1/3 бөлүгү менен баштагам
кечээ. бүгүн. эртең
0

«Марал» радиосунун “Кечээ. Бүгүн. Эртең.” программасынын кезектеги чыгарылышында мурдагы экономика министри, “Кыргыз Концепт” ишканасынын жетекчиси Эмил Үмөталиев менен саясаттын талылуу маселелери тууралуу маек курдук. Уктурууну “Жаңы доор” партиясынын лидери Улукбек Кочкоров алып барды.

— Эмил мырза айтсаңыз, эгемендүүлүктүн эң алгачкы жылдары кыргыз ишкерлеринин арасында биринчилердин болуп “Кыргыз Концепт” компаниясын түптөдүңүз, жеңил болбосо керек. Алгачкы капиталды кайдан таптыңыз?

— Алгачкы капитал болгон эмес. Ишти баштаарда жарнама бергем. Ага апамдын пенсиясынын 1/3 бөлүгү кеткен, ошол акчага биринчи жарнама берилген. Ошол жарнамадан кийинки киреше менен иштин баарын уланттым. Энемден башка акча сураган эмесмин, кайтарып бергеним болгон. Энем өмүр бою кара жумушта эмгектенгендиктен алган пенсиясы да салыштырмалуу орто деңгээлде эле. Бирок ал аз эле акча болчу. Ишенимге жана келишимге болгон туруктуулук негизге нерсе болгон. Баштапкы капитал эмес, баштапкы тажрыйба гана болгон. Анткени ал убакта мен отуздан ооп калган элем. Үй-бүлөмдүн, энемдин колдоосу болду.

— Бүгүнкү күндө атаандаштык курч болуп турган чакта компанияңыз динамикалуу өнүгүүдө. Бир калыпта кармап туруу оңойго турбаса керек. Сиз буга кантип жетишип жатасыз?

— Күн сайын өзүмдөн “баарына жетишип жатамынбы” деп сурайм. Компаниянын туруктуулугу, лидерлиги бар. Болгондо да айрым элементтери боюнча дүйнөлүк лидерликке да ээ. Кыргызстанда да биздин атаандаштар көп. Айрым иштерди бизден мыкты аткаргандар бар. Бирок “Кыргыз Концепттей” баарын чогуу камтыган компания Кыргызстанда да, Орто Азияда да жок. Негизгиси — кардарга берилүү ниетибиз, идеябыз жана аракетибиз. Кыргыстанды гана эмес, Борбордук Азияны өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошууга болгон аракетибизди жасайбыз. 1990-жылдардагы ниетибиз, тейлөөнүн керектүүлүгү кемибей келе жатат. Ошондуктан канча атаандаш кошулса да бул идеянын келечеги түбөлүк ачык. Эгер жоопкерчилик жана аракет менен кардардын ишенимин актасак рынокто ордубуз сакталып кала берет.

— Чет өлкөдө да ордубуз бар деп айтып калдыңыз, чоң бизнесте ийгиликке жетүүдө ар кандай процесстер болот. Алардын арасында сиздин ишкердигиңизге көз арткандар, бийлик же криминалдар тарабынан тартып алуу араккеттери болгонбу? Себеби бизде мындай көрүнүштөр жок эмес…

— Мен 3 мисалга токтолоюн. Биринчиси, 1990-жылдардын аяганда “рекет” деген сөз ачык айтылып, айлана-чөйрөдө талкууланып кеткен. Ошондо ИИМдин бийик деңгээлинде иштеген кызматкеринен “рекет деген сөз көп айтылып, айрымдар андан жабыркадык деп да жүрүшөт, бирок мага жологон жок, себеби эмнеде” деп сурагам. Ал киши: “Рекеттер жолобой да коюшу мүмкүн, алардын да түшүнүктөрү бар, алар актанат. Алар биринчи кезекте элге жамандык кылган ишкер жана аткаминерге жабышат. Калк арасында жүзү ачыктарга тийишпейт” деп кубаттап койгон. Бул 100% кепилдик бербейт. Бирок тез байып кетем дегендердин эсинде болсо жакшы. Экинчиси, 2000-жылдары аткаминерлер менен байланыш бар ишкер орой мамиле кылган. Ал атайын бизге кылбаптыр, башка бирөө менен талашы бар экен. Көрсө ал ишке биздин да мүлктү сатып алуучу катары тиешебиз бар экен. Бир жыл тирешип, акыры ал киши биздин иш ак болгондуктан моюн берди. Үчүнчү мисал, кандайдыр бир сигналдар, мүлк жана ишкердик корголбой турганынан кабар берет. Мындай атмосфера 2005-2010-жылдын башында болду. Ошондой эле 2018-жылдын башында да байкалды. Жеке тажрыйбамдын негизинде айтсам, бийлик алмашаарда бийликтеги аткаминерлердин жана алардын тегерегиндеги көмүскө күчтөрдүн коркунуч туудурган, бизнести чочуткан жана мүлктүн корголуусуна шек келтирген аракеттери пайда боло баштайт экен. Бул күчтөр ар бир ишкерди сестентет.

— Демек, бийлик күчкө киргенде, көзүн май басканда ошондой иш-чараларга барат десек болобу?

— Болот. Бир четинен күчкө толуп, “өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегенде бийлик же анын айланасындагылар тытынып, барын тартып алам дегенсип, ачкөздөнө баштайт окшойт. Экинчиден, бийлик кетет деген мезгилде ал жерде иштегендер «бир нерсени алып калайын» деп аракет кылышат экен. Аны жумшак жана узак мөөнөттүү мородерлуктун бир түрү деп таанысак болот.

— Бирок антип айта турган болсок, алар эртең кетишин билсе кылган иштери боюнча жоопкерчиликке тартылып калаарынан коркушпайбы?

— Биз күбөбүз, көп жылдан бери байкап жүрөбүз. Биринчиден көп уурдагандар жакшы жашынып, качып кетишүүдө. Бул алардын ушундай тобокелдикке барганынын бир себеби. Экинчиден, бизде 100% жоопкерчилик орной элек. Кылмыш жасап, качып, кутулуп кеткен учурлар көп кездешет. Ошондуктан уурдагандар кутулуп алаарын ойлошот окшойт. Эмнеге жол эрежелери көп бузулат да жол кыймылын тескеген кызматкерлерге пара берилет? Анткени көпчүлүк айдоочуларда “эреже бузуп кармалып калсам 100 сомдун ордуна 30 сом берип коём” деген ой бар. Чоң иштерде да ушундай, ошол эле логика иштейт. Коррупция бар учурда акча берип кутулуп коём деген мүмкүнчүлүк сакталып турган кезде коркпой, “жүздү уурдап, отузду берсем, жетимиши мага калат” дешет.

— Сиздин жагымсыз жагдайларга учурабаганыңыз жакшы кабар. Бирок ошондой болсо да айтсаңыз, бүгүнкү күндө бизнес терс көрүнүштөрдөн толугу менен корголгонбу?

— Жок. Биз ишти ийгиликтүү жүргүзүү үчүн атмосфераны такай сезүүгө аракет кылабыз. Ишкер баарын байкап турушу керек. Көчөгө чыкканда элден мурда асманды карап, бизнести бардык жагынан этияттап жүргүзүүгө аракет кылабыз. Бүгүн биз эң коркунучтуу зоналардын бириндебиз. Бул — коркунуч же ишенич эмес, көрсөткүч. Кайсыл өлкөдө менчикке жана ишкерликке кепилдик болсо, ал жерге сырттан акча куюлуп келе берет. Мисалы, Кытайга түз инвестиция бүгүнкү күнгө чейин көп. Биз Орусиядагы тренддердин агымындабыз. Аларга канчалык жакын болсок аларды кайталоо ошончолук чоң. Бизден да капитал чыгып кетүүдө. Андан сырткары, чакан жана орто ишкерлер сыртка чыгууга аракет кылышат. Кепилдик болгон жерден бизнес ачып коюп, өз коркунучтарын азайтууга аракет кылгандардын саны көбөйүп жатат.

— «Чоң бизнеси бар адамдар бийлик менен мамилесин бузгусу келбейт» деп коюшат. Ишкерлер бийликке сын айткандан коркуп турушат. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү бул абалды колдонуп, ар кандай саясий иш-чаралар болгондо “сен бизди каражатың жана жумушчуларың менен колдойсуң” деген сөздөр менен келишээри айтылып жүрөт.  Бул чындыкка канчалык жакын?

— Чындык, мындай көрүнүш баардык өлкөлөрдө бар. Бирок эгер демократия орноп, оппозициянын орду расмий бекитилип жана корголгон болсо, ал жерде коркунуч азаят. Ал эми парламентте оппозициянын орду жок болсо, саясий оппоненттердин кепилдиги, сотторго ишеним болбосо бул абалды байкап турган ишкерлер сезгенчек болушат.

— Айтсаңыз, бүгүн бизде оппозиция, бизнесте сиз айткандай кепилдик барбы?

— Буга эки нерсени божомол катары айта алам, алар илимий изилденген нерсе эмес. Андыктан факты же таңуулоо катары айтпайм. Бизде бийик деңгээлдеги илимдин, Конституциянын негизиндеги оппозиция жок. Оппозиция болсо да алардын парламентте саясий күчү жок. Ал эми парламенттегилер кандай оор чечим болбосун бир добуш менен колдоп коюшат. Ошондуктан аларды оппонент деп айтуу кыйын. Бирок жапайы оппозиция түзүлүп келе жатат. Коңшуларыбызда режимдер отуз жылдан бери өзгөрүлө элек. Ал эми бизде жапайы жол менен И.Масалиевдин, А.Акаевдин, К.Бакиевдин, Р.Отунбаеванын, А.Атамбаевдин, С.Жээнбековдун күч тобу бар. Бул топтор туугандары, пикирлештери менен саясий топторду билдирет жана экономикалык топторду таанытышат. Жапайы болсо да баланс бар.

— Парламентте оппозиция жок экенин айттыңыз, мындан улам эл арасында айтылып жүргөн ойго токтоло кетсем, “бизнесмендерден жакшы саясатчы, күчтүү мамлекеттик кызматкерлер чыкпайт” деген кеп бар. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? Азыркы бийликти бизнесмендердин парламенти деп жатабыз. Алар канчалык деңгээлде саясатчы, мамлекеттик ишмер боло алышты?

— “Бизнесмен саясатчы боло албайт” деген сөздү чыгаргандар демократияны бурмалап, авторитардык режимди кармоо максатында айтышат. Айрым саясатчылар демократияга тийешелүү көп түшүнүктөрдү атайын бурмалап, баарын башаламан кылып жатышат. Алар демократияны жамандап, ишкердин атын булгап салышты. Ууру менен ишкерди, саясатта жүрүп коррупциялык жолдон байыгандар менен таза иштеп байлык топтогон бизнесмендерди айырмалай билишибиз керек. Паракорлордун баарын бизнесмен деп атай бербей, таза ишкердин ордун белгилешибиз керек. Бир саясатчы “эң жакшы бизнес – мамлекекттик жумуш” деп айткан. Ал муну менен коррупцияны — жакшы бизнес деп атады. Биринчиден, паракорду ишкер деп атабоо зарыл. Саясатка коомдогу бардык өкүлдөр аралаша алат, ага укугу бар. Саясатта баары атаандашып иштешип турганы пайдалуу. Эң бай, туруктуу мамлекет катары АКШны айта алабыз. Аталган мамлекеттин куруучулары философ болуп, жакшы жазып, жакшы сүйлөшкөн күчтүү саясатчы болушкан. Бирок баары фермасы бар ишкерлер болгон. Алар жалаң гана калем, китеп менен иш кылышкан эмес. Ишкерлик менен биргеликте философ, саясатчы да болуп калган.

— «Ууруларды жана бизнесмендерди айырмалай алыш керек» деп жакшы нерсени айттыңыз. Мындан улам суроо туулат, маңдай тери менен киреше тапкан ишкерлер саясатка кызыгышпайбы?  Коррупциялык иштерден акча топтогондордун бары бийликке тартылгандай. Буга сиздин оюуңуз кандай?

— “Ишкерлер саясатка кызыкпайт” деген сөз бир тараптуу же жаңылыш көз караш. Ишкерлердин баары өзүнүн билимине, тажрыйбасына жараша сөзсүз түрдө саясатка кызыгат. Кээда саясатты саясатчыдардан да жакшы түшүнүшөт. Бирок ишкердин тандоосу бар. Ишти кыламынбы же саясатка аралашамынбы деп ойлонушат. Таза иштеген ишкерлердин көпчүлүгү булганыч, эрежесиз, адилетсиз саясатка аралашкысы келбейт. Ал эми аралашкандар өздөрүнүн оюна ишенип барышкан. Саясатка тартылган ишкерлердин жүзү анчалык ачык эместигинин себеби ошондой саясат атайын жүргүзүлөт. Бул себеп эмес, натыйжа. Кайсыл регионалдык агымда бара жатканыбызды түшүнсөк, ал агымдын лидерлери өздөрүнө кандай капитализм куруп жатышса бизге да өз өлкөлөрүндөгүдөй эреже орнотуп жатышат. Элдин алдында жүзү анчалык ачык эмес адамдар саясатка топтолуп алды деп айткыңыз келсе, анда ал натыйжа.

— Анын себебин эмнеде?

— Анын себеби абдан жөнөкөй, бирок аткарууга, түшүнүүгө оор. Мисалы, биз буюм тандаганды үйрөндүк. Баары “Iphone” менен “Sumsung” көтөрүп, “Mercedes”, “Toyota” айдагысы келет. Бирок адамдарга керектүү жана ошол продукцияларды чыгаруучу шарт түзүп, сөзсүз түрдө Конституцияны өзгөртүшүбүз керек. Адамдар менен мамлекеттин ортосундагы эреже сабырдуулукту, ишке болгон мамилеге керектүү шартты орнотот. Негизги шарт – Конституция. Биз үлгүлүү Конституция ортоно албай, авторитардык күчкө жол берчү Конституцияны түшүнбөй ортонуп алуудабыз же болбосо бул иште саясий күчтөр бар. Биз парламенттик республика болбой калдык. Жакшы аракет кылып келе жатып бурулуп кеттик. Бул менталитеттен эмес тандоодон. Саясий күч өзүнүн же сырткы күчтөрдүн каалоосу менен тандайт. Эгер биз эскиче жашоону өз каалообуз же бирөөнүн мажбурлоосу менен тандап алчу болсок, анда анын натыйжасында “Iphone” эмес “Москвич” чыккан шартта жашап келе беребиз. Бүгүн ошондой шартты куруп берген Конституцияга ооп турабыз. Ал үлгүлүү болбогондуктан мамилелер да үлгүлүү боло албай ишеним, сабырдуулук жана башка жагымдуу шарт куруп бере албайт. Ошондуктан Iphone’ду сатып алып, өзүбүз чыгара албай отура беребиз.

— Тогуз жолу Конституцияны өзгөрттүк, бирок керектүүсүн тандай албай келебиз. Менин оюмча, анын себеби бир ууч адамдар өз кызыкчылыгында гана Конституция жазып, элге кабыл алдырып келе жатат. Элдин арасында “бийлик бутактарына жөнөкөй адам барбайт, таанышы же акчасы барлар барат” деген кеңири жайылган ишеним бар. Сиз 2010-жылы Экономика министрдигин жетектедиңиз. Бул кызматка кантип келип калдыңыз эле? Элдин ишениминдей акчаңыз мененби, тааныштар аркылуубу же ошол учурда профессионал адамдар керек болдубу? 

— Талап жөнүндө жооп бере албайм. Кандай болгонун ачык айтып берейин. Апрелдин орто чениде Эдил Байсалов телефон чалып, Роза Отунбаева чакыртканын сылык бирок талаптуу түрдө айтты. Ал кезде Отунбаева бийликтин аткаруучусу болчу. Мен дароо бардым. Роза эже бөлмөгө киргийзбей, босогодо туруп эле “Эмне кылыш керек экенин айтып жүрөт элең, мына эми аткар” деди.  Мен каршы болгонго аракет кылып отурууга уруксат сурадым. Отунбаева “Отурбайсың. Убакыт жок, жообуңду кечке чейин бер. Бир нерсе жасайбыз десек азыр жасашыбыз керек”, — деди.  Ал өзү да туруп турган болчу. Укук коргоочу, аксакалдар, ишкерлер, үй-бүлөм менен кеңештим. Добушка койсом, “барып иште” дегендер көп болуп чыкты, анан барууну туура көрдүм.

— Кызматка баруу менен эмнеден уттуңуз дагы, эмнеден уттурдуңуз? Жоопкерчилик бизнесте бийик бекен же мамлекеттик кызматтабы?

— Мамлекеттик кызматта жоопкерчилик бийик. Анткени бизнесте өзүңө болгон кепилдик, өз каражатың, тобокелиң менен жооп бересиң.

— Муну сураган себебим, акыркы убакта жоопкерчиликти сезбеген адамдар кызматка барган учурлар көп болуп жатат…

— Эл аларга талап койгонду үйрөнө элек. Алар элге тиешелүү чечимдерди кабыл алып, элдин каржысын тейлеп жатканы менен эл ага толук ишене элек. Эл “мүлк биздики” деп өзүнө тиешелүү бөлүгүн билбей жатат. Жөнөкөй адамдын чөнтөгүнөн эч нерсени сууруп ала алышпайт. Унаасын да оңой менен тартып ала албайсың. Бирок “мүлктүн баары биздики” деген түшүнүк толук келе элек. Айрымдар “бул унаа меники, жолду алсаң алып кете бергин” дейт. Мамлекеттик кызматта турганда жеке кызыкчылыгымдан көп нерсени уттурдум. Өзүмө көлөкөсү тийип кала турган тендерлердин баарынан баш тарткам. Уткан нерселерден негизгиси жабыркаган көп кишилерге жардам беребиз деп, алардын ишкерликке болгон мүмкүнчүлүгүн коргоп берүүгө аракет кылганбыз. Өнүккөн өлкөлөрдүн жарандарына СССРден калган виза чектөөсүн 30-40 өлкөдөн алып салуу боюнча мыйзам долбоорун киргиздик. Ошол учурдагы колдоочулардын мүмкүнчүлүгү менен өтүп кетти. Өз кызыкчылыгын жана алмашкан бийликтин мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, бөлмөлөрдө көп мородерлук башталган эле. Кээде түңкү саат 00:02 ге чейин жарым метрдей болгон папкаларды топтоп алып карап, кагаз түрүндөгу мародерлуктан коргоого жетиштим. Ошол мен үчүн утуш болду.

— Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн талкуулап жатканда каршы пикиринизди билдиргенсиз. Биз аталган биримдикке киргенден бери 3 жыл өттү. Сиз айткан кооптонуулардын же Өкмөт убадалаган иштердин кайсы бири ишке ашып, кайсылар жүзөгө ашпай калды?

— Тогуз жыл болду, анткени мен 2010-жылы министр болуп турганда ошол меселелер боюнча жабык аналитикалык кагаздарды, билдирмелерди бүткүл саясатчыларга таратышкан. Ошол кезде эле биз билген маалымат боюнча, пайдага караганда зыяны көп болуп чыккан. Анда биз саясатчы катары ачык айта алчу эмеспиз. Азыр дагы 2010-жылы саясатчыларга жеткизген маалыматта кандай жазылса ошондой эле тааныйм. ЕАЭБдин пайдасы абдан аз, бирок зыяны көп. Болгондо да бизге бурмалап, соода биримдик деп коюшуп, бирок натыйжада саясий биримдикке алып барышты. Бүгүнкү күндө көп нерсени уттуруп жатабыз. Соода экономикалар — мен айтпасам да тастакталган фактылар. Эң негизгиси биздин саясий утулушубуз. Биз азыр афторитардык режимдерден көз каранды болуп калдык.

— Сиз ЕАЭБге кирээрде биздин аткаминерлердин алсыздыгынан ушундай абалга келдик деп ойлобойсузбу? Себеби Өкмөттө да, ЖКда да каралып, аталган биримдикке кирүүдөгү мүчүлүштүктөр боюнча бир топ министрлерге сөгүш жарыяланып, айрымдар кызматынан алынды. Балким өкмөт жакшы иштесе жакшыраак шарт алмак белек?

— Саясатчылардын алсыздыгы, интеллектуалдык күчү же ниети биримдикке кирүүгө каршылык көрсөтө албагандардын көптүгүнөн болуп кеткен иш экени далил. Эл менен бөлүшкөн маалыматыбыз аз болуп, эл да каршы болбой койду. Бүгүнкү күндө да саясатчылар эл менен толук маалымат бөлүшкүсү келбейт. Анткени алар өздөрүнүн бийлигин коргойт. Ошондуктан көпчүлүк учурда маалымат жашырылат. Ошентип элдин көзүн ача турган, эгемендүүлүгүн көрө турган маалыматтар толук жеткизилбей жатат.

— Маегиңизге рахмат. Ыраазычылык…

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache