Шашылыш кабар:

Адис: Ата-энелер комитететинин иши мектеп директорунан көз каранды

Адис: Ата-энелер комитететинин иши мектеп директорунан көз каранды
Кыска кабар
0

Ата-энелер комитететинин, мугалимдердин иши мектеп директорунан көз каранды. Мындай пикирин Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгер мектеп директору ата-энелер менен иш алып барбаса мектепке ата-энелер жетекчилик кылат. Кандай кырдаал болбосун алар бири-бирине ардам бериши зарыл. Билим берүү министрлигине байланышып, сынактар үчүн 5 миң сомдон каражат чогултулуп жатканын айтып арызданган ата-энелер бар.

“Арызданган ата-энеден окуучунун класс жетекчисин, мектеп директорун сурасак билбейт. Себеби ал ата-эне мектепке барган эмес. Бири-бирибизди колдоп, көмөк көрсөтпөсөк мектептерде акча чогултуулар улана берет. Анын айынын өзүн өлтүрүгөнгө чейин барган окуучулар болгон. Ошондуктан тыюу салынган», -дейт Сыдыкназарова.

Ал белгилегендей, айылдарда, ошондой эле Бишкек шаарында да акыркы коңгуроо кечесин уюштурбаган, акча чогултпаган мектептер бар. Мектеп директорлору акча топтоого үндөсө  Билим берүү министрлиги тарабынан жетекчиге чара көрүлөт.

Маалым болгондой, окуу жылы аяктаган соң мектеп бүтүрүүчүлөрү ата-энелери менен бирге кафе, ресторанга барып, жаратылышка чыкса болот. Бирок мектеп жетекчилиги мындай иш-чараларга катыша албайт.

«Министрлик түрдүү иш-чараларга мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салат. Мектепке чейинки билим берген мекемелерде акча чогултуу боюнча ата-энелерден арыз түшө элек. Ата-энелер мектепте чече албай жаткан көйгөйлүү маселелери боюнча министрликтин ыкчам байланыш кызматына кайрыла алышат. Министрлик маселени чечүүгө жардам берет», — дейт Сыдыкназарова.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache