Шашылыш кабар:

ЖЭБ: 600 долларлык кычкачтар парламент трибунасынан көрсөтүлдү

Май 10th, 2018 | by Анара Бакытбекова
ЖЭБ: 600 долларлык кычкачтар парламент трибунасынан көрсөтүлдү
Кыска кабар
0

Коомчулукта нааразычылык жараткан Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо жогорку баага алынган техникалык жабдыктардын чоо-жайы парламентте талкууга алынды. Анда ЖЭБдин директору Андрей Воропбаев 600 долларга алынган кычкачты жана лентаны трибунага алып чыгып, депутаттарга көрсөттү. Анда кычкач менен кошо бир катар жабдыктарды камтыган кутучаны да көрсөттү.

Бирок депутаттык комиссиянын мүчөсү, эл өкүлү Акылбек Жамангулов кошумча башка техникалык жабдыктар кошуп, көрсөтүлгөнүн айтты.  “Бул деген уят. Парламент трибунасына кычкачты алып келип көрсөтүп отурабыз” деди Жамангулов.

Парламент жыйынына алып келип көрсөтүлгөн кычкач боюнча депутаттар ЖЭБдин мурунку башчысы Нурлан Өмүркул уулунан сурады. Ал эл өкүлдөрүнө төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.

 “Башында бир эле кычкач болчу. Ызы-чуу жаралгандан кийин калгандарын келип кошушту. Бул топтом 105 доллардан алынган. Кийин гана баасы жетпей калбасын деп калган шаймандарды кошту”.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache