Шашылыш кабар:

Сыдыкназарова: 23-июнда 60 миң бүтүрүүгө аттестат берилет

Сыдыкназарова: 23-июнда 60 миң бүтүрүүгө аттестат берилет
Кыска кабар
0

Акыркы коңгуроодо мектеп жетекчилерине акча чогултуп, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери менен бирге кафе, ресторанга барып, жаратылышка чыгууга тыюу салынгандан бери жакшы жыйынтыктар бар. Ата-энелер ыраазычылыктарын айтышууда. Мындай пикирин Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, министрликтин буйругун ата-энелер менен жакшы иштешкен директорлор аткарат. Эгер мектеп жетекчиси кайдыгер болсо ата-энелер алиппе майрамы сыяктуу башка иш-чараларга акча чогултууну улантышат.

«Эгер акча чогултулбай жөн гана концерттик программа уюштурулса маселе жаралмак эмес. Айылдагы мектептерде акча чогултулбайт. Шаардын окуу жайларында каражат көп топтолот. Акыркы коңгуроонун салтанаттуу иш-чарасында окуучуладын коомсуздугу үчүн Билим берүү башкармалыгынын райондук, шаардык бөлүмдөрүнө күнү-түнү нөөмөт уюштурушат», — дейт Сыдыкназарова.

Сыдыкназарова белгилегендей, мектеп директорлоруна ата-энелер менен балдардын коопсуздугу тууралуу жыйналыштарды өткөрүү милдети жүктөлгөн.

Мектеп администрациялары, класс жетекчилер жана ата-энелер комитеттеринин жетекчилери акыркы коңгуроо иш-чараларында жоопкерчиликти өз моюндарына алышат. Окуучуларга 23-июнда аттестат берилет. Андан соң бүтүрүүчүлөргө ата-энелер жооп берет.

Маалыматка ылайык, бул жылы 60 миң бүтүрүүчү орто мектепти бүткөнү тууралуу аттестат жана 93 миң окуучуу 9-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк алышат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache